13-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган залкар жазуучу, даанышман-ойчул, гуманист Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болду.
Иш-чара улуу жазуучунун чыгармаларынын таралышынын географиялык картасынын бет ачары менен башталып, кол өнөрчү жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү менен коштолду. Кечени КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев ачып берип, Өзбекстан, Казакстан, Түркия өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчилери куттуктоо сөздөрү менен чыгышты.
Эскерүү кечесин ачып жатып УИАнын президенти, академик Мурат Джуматаев улуу жазуучунун чыгармачылыгы, философтугу, келечекти көрө билгендиги жөнүндө айтып келип буларды кошумчалады:
– Айтматовдун ааламдашууга, рыноктук мамилеге, демократияга киришүү жөнүндөгү ойлору, аларды өз чыгармаларында каармандардын тагдыры аркылуу түшүнүктүү кылып жазгандыгы көп кишилерди кайдыгер калтырбай, ой казынабызга кошулду. Чыңгыз Төрөкулович өмүрүнүн акыркы жылдарында Улуттук илимдер академиясына кандайдыр бир коркунуч туулушу мүмкүн экендигин сезсе керек. Академиктер менен жолугушуп, илимдер академиясынын мамлекет үчүн өзгөчө орду бар экендигин, өз ордун табышын каалаган эле. Ошондуктан, илимдер академиясынын жамааты Айтматовдун чыгармаларындагы адамды жаратмандыкка үндөгөн керээзин эсине сактаарына, аны ишке ашыраарына ишенем.
Иш-чаранын демилгечиси, академик Абдылдажан Акматалиев Айтматовдун чыгармалары жүздөн ашык мамлекетте, 76 тилге которулгандыгын, 80 млн. нускада жарык көргөндүгүн айтып жатып:
“Айтматовдун чыгармачылыгы жалаң гана адабият, тил изилдөөчүлөр үчүн керек эмес, ал бүтүн адамзатка тийиштүү инсан. Ошондуктан, Айтматовду бүткүл адамзат сыйлап келет. Көптөгөн өлкөлөрдө улуу инсанды эскерүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Айтматов көтөргөн проблемалар ар бир адамдын башына түшө турган түгөнбөс проблемалар. Адамзат барында Айтматов да унутулбайт деген тилектебиз”
Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов өзбек эли үчүн жазуучунун мааниси чоң экендигин белгилеп: “Ч.Айтматовдун айкели тургузулуп, Ташкенттин көчөлөрүнүн бирине аты берилгени турат. Кыргызстан менен Өзбекстандын актёрлорунун катышуусунда “Делбирим” чыгармасы көркөм фильм болуп тартылмай болду. Ошондой эле жазуучунун 90 жылдыгынын алкагында иш-чаралар, конференциялар өткөрүлүүдө”, – деди.
Иш-чарага окумуштуулар, адабиятчылар, Жазуучулар Союзунун өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары жана кыргыз маданият ишмерлери катышты.
Кеченин соңунда “Сахна” театры тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлүп, обончу Сыймык Бейшекеевдин жазуучуга арнаган ырларын ырдады.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2673