Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
М.Адышев атындагы Геология институтунда Тянь-шань террейндери тууралуу жазылган монография жарык көрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтунда «Тянь-Шандын (U)HP террейндери» аталышындагы коллективдик монография жарык көрдү. Эмгекке Илий тоо кыркаларындагы Актүз, Кыргыз тоо кыркаларындагы Макбал, Атбашы тоо кыркаларындагы Чолоктөр жогорку жана өтө жогорку басымдагы (U)HP террейндеринин метаморфиялык породаларынын абсолюттук геохронологиясынан маалыматтар жана аталган террейндердин геологиялык түзүлүшү, петрографиясы, минералогиясы жана геохимиясы киргизилди. Авторлору А.Б.Бакиров, М.Тагири, А.Такасу, К.Сакиев, Р.Орозбаев, А.А.Бакиров, А.Тогонбаева, М.Сатыбаев жана Ж.Баслакунов.

Монографиянын башында турган жетектөөчү окумуштуу, геология-минералогия илимдеринин доктору, академик Апас Бакиров бул иш алгач 1969-жылы башталганын айтып:

– Совет убагында Кыргызстанга келген көптөгөн чет элдик окумуштуулар кызыгуу менен ар кандай варианттагы изилдөөлөрүн ортого салып, өзүлөрүнүн теорияларын жазып чыгышкан. Мында болсо биз жаңы багыттагы монография чыгаралы деген максатты көздөп, баарын бириктирип, бир жыйнакка топтодук. Негизинен эмгек көп жылдар бою иштелип чыкты. Үч объектидеги жер кыртышынан 130-150 км. тереңдикте жайгашкан тоо тектери менен минералдар изилденип, алардын алгач жер үстүндө болгондугу аныкталды. Атбашы жана Макбал террейндеринде алмаз, ал эми Актүздө рутил баалуу кени бар экендиги ортого чыкты. Булардын илимдеги мааниси абдан чоң. Ал эми кендерди изилдөө үчүн атайын адистер менен жабдуулар талап кылынат», – деди.

Адышев атындагы Геология институтунун директору Кадырбек Сакиев аталган монографияны Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери, япониялык окумуштуулар менен биргелешип иштелген, жаңы аппаратуралар менен изилденген маанилүү эмгек деп сыпаттады.

– Бир тарабынан алганда бул иштин аркасы менен жаштар Японияга окууга жөнөтүлүп, билимге ээ болуп, диссертацияларын жактап жатышты. Экинчи тарабынан алганда өзүбүздүн илимий деңгээлибизди да көтөрүп алдык. Илимий мектепти чыңдадык. Монографияга киргизилген материалдар дүйнөлүк деңгээлге туураланып жазылды. Чындыгында дүйнөгө таркай турган монография болду. Андан сырткары, өтө сейрек кездешүүчү, жогорку басымдын алдында пайда болгон тоо тектери бар экендиги далилденди. Бул иш негизинен алгачкы этап болуп саналат жана мындан ары карай дагы улантылат – деген оюн билдирди.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер