Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАда Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият инстиутутунун 90 жылдыгы белгиленди

26-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун 90 жылдыгы белгиленип, ага арналган иш-чаранын алкагында куттуктоолор айтылып, Институтка жана институттун окумуштууларына сыйлыктар тапшырылды.

Мааракеге карата “Филологиянын актуалдуу проблемалары: кыргыз фольклор таануу, тил жана адабият таануу илиминин өнүгүшүндөгү Академиялык илимдин тарыхый орду” деген Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Мындан сырткары институт тарабынан 90 жыл аралыгында жарык көргөн эмгектердин көргөзмөсү уюштурулуп, институттун тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндөгү 20 мүнөттүк видеотасма көрсөтүлдү.

КР УИАнын президенти, академик Мурат Джуматаев Тил институтунун түзүлгөн күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин тил жана адабият жаатындагы көрүнүктүү эмгектерин жана илимпоздорду белгилеп: “Институттун бүгүнкү күндөгү коллективи ушундай бай тарыхты калтырган улуу муундагы окумуштуулардын эмгектерин эстеп туруп, мындан нары да ошол калыптан жазбай, институттун өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимдемин” – деген оюн кошумчалап кетти.

Академик Абдылдажан Акматалиев Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун бир кылымга тете убакытта кыргыз мамлекетинин калыптанышына, өсүп-өнүгүшүнө, илимий кадрлардын даярдалышына, жаштарды адеп-ахлакка тарбиялоодо, эл аралык мамиледе чоң кызмат өтөп келе жатканын белгилеп: “90 жыл аралыгында институт басып өткөн жол учуруна жараша татаал, кыйын ошону менен бирге байсалдуу болду. Бирок, ташыркаган жок. Бүгүнкү күнү да ошол эле жолун жаңы көз караштар менен улантууда. Келечекте да бул салт улана берет деген ишеним бар” – деди.

Иш-чарада КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун 90 жылдык мааракесине байланыштуу окумуштууларды сыйлоо жөнүндө Президиумунун №56 Токтому чыгып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Ошондой эле талыкпаган эмгеги үчүн окумуштууларга КР Жогорку Кеңешинин, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын, КР Өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин, КРнын Профсоюз уюмунун куттуктоолору айтылып, сыйлыктары ыйгарылды.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси Султан Раев, КР Жогорку Кеңешинин Аппарат башчысы Саматбек Ибраев, КР Өкмөтүнүн Билим, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бейшеналиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, Түрк академиясынын өкүлү Кадыралы Конкобаев, КР Билим жана илим министрлигинин өкүлү, илим боюнча департаменттин орун басары Олжобай Алдакунов, Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Патенттөөнүн статс-секретары Талант Конокбаев, КРнын Профсоюз уюмунун Билим, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы Асылбек Токтогулов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Лайли Укубаева, Кыргыз Улуттук университетинин ректору Канат Садыков, Ош Мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковдор куттуктоо сөздөрүн айтышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер