Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштууларына сыйлыктар ыйгарылды

26-июнда белгиленген, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун 90 жылдыгына арналган иш-чарада институтка жана институттун окумуштууларына сыйлыктар ыйгарылды.

КР УИАнын Президиумунун (30-май, 2018-ж.№56) Токтомунун негизинде төмөндөгү окумуштуулар сыйланды:

Филология илимдеринин доктору Айнура Кыдырмамбетова жана институттун Профсоюз уюмунун төрайымы Жылдыз Тургунбаева “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эмгек сиңирген кызматкери” наамына ээ болушту. Ошондой эле Асыл Турсуналиева менен Тунук Курманалиевага КР УИАнын Ардак грамотасы жана Таштанова Мавлюдага КР УИАнын Грамотасы ыйгарылды.

Андан сырткары иш-чарада институттун кызматкерлерине мамлекеттик жогорку органдар тарабынан дагы сыйлыктар тапшырылды. КР Өкмөтүнүн Эстелик кол сааты менен филология илимдеринин кандидаты Бактияр Өмүров, КР Өкмөтүнүн Ардак громатасы менен филология илимдеринин кандидаты Роза Коӊурбаева сыйланды. Ошондой эле филология илимдеринин кандидаты Мурат СадыровгоКР Жогорку Кеӊешинин Эстелик кол сааты берилди. Ага илимий кызматкер Малина Касымгелдиева менен филология илимдеринин кандидаты Гүлнара Жамашева Жогорку Кеӊештин Ардак Грамотасы менен сыйланышты. Филология илимдеринин доктору, доцент Гүлбара Орозовага жана филология илимдеринин кандидаты Нурзина Ыйсаевага КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Билим берүүнүн мыкты кызматкери” наамы ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан филология илимдеринин кандидаты Нуржан Нарынбаевага, филология илимдеринин доктору, доцент Мээрим Көлбаевага жанафилология илимдеринин кандидаты, доцент Асел Исаевага “Маданияттын мыкты кызматкери” сыйлыгы берилди.

КРнын Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен филология илимдеринин кандидаты Чолпон Дыйкановажана филология илимдеринин кандидаты Иманак Сагынбеков сыйланды.

Ал эми МамлекеттиктилбоюнчаУлуттуккомиссиянынГрамотасына:

  1. Ага илимий кызматкер Муктар Давлетов;
  2. филология илимдеринин кандидаты Дамира Ибраева;
  3. илимий кызматкер Рысбек Эшматов;
  4. илимий кызматкер Рыскүл Мээрканова;
  5. илимий кызматкер Сүйөркан Касымалиева;
  6. илимий кызматкер Перизат Абдыбаева;
  7. илимий кызматкер Жылдыз Султангазиева;
  8. илимий кызматкер Акынбек Бекболотов;
  9. илимий кызматкер Гүлзат Тургунбаева;
  10. илимий кызматкер Улук Жапаракунов;
  11. кенже илимий кызматкер Айсулуу Дайыразиевалар ээ болушту.

Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер