КР УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун директору, корреспондент-мүчө Камчыбек Кожогулов Казакстандын Астана шаарында 19-22-июнда өткөн Бүткүл дүйнөлүк Тоо конгрессине катышып кайтты.
Дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн делегаттар келген конгрессте К. Кожогулов “Кыргыз Республикасынын тоо-металлургиялык комплексинин учурдагы абалы жана өнүгүү перспективасы” аталышындагы докладын окуду.
ДАндан сырткары “Геомехника” секциясынын модератору болуп, «Кыргызстандагы кендүү жерлердин айкалыш изилденүүсү: азыркы абалы жана келечеги» жана “Кыргызстандагы кендердин ачык изилденүүсүнүн геомеханикалык жактан камсыздалышы» аталышындагы докладдардын авторлошу болду.
Конгресстин алкагында Евразиялык тоо илимдери академиясын (Россия, Белоруссия, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан) түзүү боюнча Уюштуруу чогулушу болуп өтүп, анда корреспондент-мүчө К.Кожогулов аталган академиянын Жогорку Академиялык кеңешинин курамына кирип, андан сырткары анык мүчөсү (академик) болуп дайындалды. Аталган конгресс быйылкы жылы 25чи жолу өтүүдө.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2312