“Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын жаңы саны жарык көрдү. Анда математика, физика, медицина, биология, химия, фитотехнология, экономика, экология, тарых, педагогика, психология, филология, философия, укук жана политология илимдери тармагына тийиштүү макалалар жарык көрдү.
Илимий журналдын бул санына Роман Оморовдун жана Нурбек Романдын “Кыргыз Республикасынын инновациялык индекси анын экономикасынын өнүгүүсүнүн көрсөткүчү катары” деген аталыштагы макаласы чыкты. Макалада GII Глобалдык инновациялык индексине таандык изилдөөлөрдө берилген Кыргыз Республикасынын инновациялык индексинин көрсөткүчтөрү чагылдырылат. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн жана башка дүйнө өлкөлөрүнүн салыштырмалуу изилдөөлөрү берилет.
Андан сырткары, кезектеги “КР УИА кабарларына” Б.Ашымбаеванын жана Т.Чунгулованын “Өсүмдүктөрдү тоок жана башка канаттуулардын оорусуна каршы колдонуу”, Б.Дженбаев менен Т.Жумалиевдин “Миң-Куш уран-техногендик провинциясынын учурдагы экологиялык жана биохимиялык абалы”, Т.Арзыбаевдин “Кыргыздардын Алтай, Хакас, Тува элдери менен болгон этномаданий байланыштары”, А.Шаназаров жана Н.Мельникованын “Калктын субъективдүү түшүнгөн көз карашы боюнча тоолуу аймактарда тиричилик чөйрөсүнүн ыңгайлуулугу” жана Ж.Султангазиеванын “Котормодогу грамматикалык трансформациялар” аталышындагы макалалары камтылган
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2547