Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Аида Кубатованын түрк тилине которулган “Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1900–1916)” китебинин бет ачаары болду

3-июлда тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатованын жана араб арабинен кириллицага оодарылган Жусуп Абдракман уулунун “Кыргызстан” деген китебинин бет ачаары болуп өттү.

КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, корреспондент-мүчө Абылабек Асанканов Аида Кубатованын араб графикасында жазылган Жусуп Абдрахман уулунун “Кыргызстан” китебин кириллицага которуп, комментарийлеп жазышы жана “Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы. (1900–1916)” китебинин түрк тилине которулушу жөнүндө оюн айтып: “Түрк тилдүү элдердин арасына кирген 82 млн калкы бар түрк элинин тилинде жарык көрүшү – биздин тарых илиминдеги чоң жетишкендик болуп эсептелет. Аида ушул убака чейин көптөгөн ийгиликтерди жарата алды. Мындан ары да көп ийгиликтерди багындырат деген ишенимдебиз” – деген баасын берди.

Тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова жадидчилик кыймылы совет доорунда ошол кездеги идеологиянын негизинде изилденип келгенин белгилеп: “Агартууга жол баштаган Кыргызстандагы жадид кыймылынын өкүлдөрүнүн бири – Дүр Сооронбаев. Алгач ал өз каражатына жадид мектебин ачкан, кийин ал орус-тузем мектебине айланган. Чопо, Найзабек Тулин, Шабдан Жантай уулу, Максым Кожо, Канат Ыбыке уулу деген тарыхта белгилүү инсандар дагы өз каражатына мектеп ачып, бала окуткан биринчи агартуучулар. Бул жердеги бир өзгөчөлүк алгач билимди алар боз үйдө беришсе, кийин атайын имарат куруп, мугалимдерди чакырып, карта, глобус, окуу китептерин пайдаланууга өтүшкөн. Жадидчилердин дагы бир айырмачылыгы китеп жазуу, окутуу менен гана чектелбестен, маданият тармагына да көңүл бурушканы. Алгачкы спектаклдерди жаратышкан. Бул тууралуу Роза Айтматованын апасы Нагима Хамзаевна Абдувалиева тууралуу эскергенинде айтылат” – деди.

“Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1900–1916)” китебинде ХIХ кылымдын аягы–ХХ кылымдын баш чениндеги алгачкы агартуучулук, кийин коомдук-саясий кыймылга айланган жадидчилик кыймылынын Кыргызстанда да таралышы, аймактагы диний билим берүү менен катар эле табигый жана коомдук илимдердин негизин окуткан жаңы усулдагы мектептер, жадидчилердин коомдук-саясий иш аракеттери, улуттук билим берүү башатында турган агартуучулар, ошондой эле алардын татар, башкыр жана жалпы эле Түркстан аймагындагы интеллигенция өкүлдөрү менен байланыштары чагылдырылган. Эмгекти “Кırgızıstan’da cedidçilik hareketi (1900–1916)“ деген ат менен түрк тилине Али Үнал которгон.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы араб арибинде жарыкка чыккан “Кыргызстан” деген чакан эмгегиндеги маалыматтар, фактылар А.Кубатова тарабынан кириллицага оодарылып, түшүндүрмөлөр менен жабдылып, ошол доор жөнүндө түшүнүк берилген.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер