28-30-июнда Анкара шаарында өткөн байыркы жазма эстеликтерине жана мурастарына арналган эл аралык конференцияга академик Абдылдажан Акматалиев, профессорлор Ташболот Садыков, Тынчтыкбек Чоротегин, окутуучу Нурдин Усеев катышып, илимий докладдарын окушту. Махмуд Кашкаринин 3 томдугу А.Акматалиевдин жалпы редакциясында, профессор Т.Токоев менен К.Кошмоковдун котормосунда үч жолу басылып чыккан. Конференцияда А.Акматалиев “Махмуд Кашкари жана кыргыз адабияты” деген темада доклад жасаган.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1896