Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун 90 жылдыгына арналган китеп жарык көрдү

УИАда Тил жана адабият институтунун 90 жылдыгына арналган: “Академиялык илим: Тил жана адабият. 1928-2018” деген аталыштагы китеп чыкты.

Китепке Тил жана адабият институтуна байланыштуу документалдуу материалдар, тарыхый жана институтта 80 жыл убакыт аралыгында жарык көргөн китептер боюнча маалыматтар берилди.

Мисалга, алгачкы, 1928-жылдын 7-ноябрындагы Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар Советинин Токтому менен кыргыз крайтаануу илимий-изилдөө институтунун негизделиши, анын кайра КИРФАНга кайра түзүлүшү жана Тарых, тил жана адабият институтуна Аалы Токомбаевдин директор болуп дайындалышы ж.б. маалыматтар камтылган.

Ошондой эле китепте Тил жана адабият институтунун жасаган бараандуу иштерине Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин окумуштууларынын билдирген ыраазычылыктары да камтылган. Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бексултан Жакиев: ““Кыргыз тилинин сөздүгүнүн” чыгышы тарыхый окуя,40 жылдан бери көптөгөн сөздөр кирди, ошолорду кошуп кошуналарга тез арынын ичинде тартуу кылган Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун, анын жетекчиси Абдылдажан мырзага ыраазычылык билдиремин” – деген пикирин билдирген.

Ал эми Анкаралык профессор, доктор Турал Садык “Кыргыз адабиятынын тарыхынын” 7 томдугуна жогору баасын берип: “…актуалдуулугун жаңычылдыгын, ар бир материал көз көрүнөө эле далилдеп турат, ал эми анын теориялык жана практикалык мааниси эбегейсиз. эгерде ушундай фундаменталдуу илимий эмгектер казак, өзбек, түркмөн, татар, азербайжан, башкырт тилдеринде да өз төл адабиятын изилдөчүлөр тарабынан жарыялашса, жалпы түрк элдеринин көркөм мурастарынын бийиктигин башка элдерге да сыймыктануу менен көкөлөтө алган болоор элек” – деген аруу тилегин билдирген.

Китеп жалпы окурмандарга арналат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер