УИАнын Э.Гареев атындагы илимий-изилдөө Ботаникалык багына караштуу Бадал өсүмдүктөр лабораториясында көп жылдан бери өсүп келе жаткан ак чөмүч баш гүлү гүлдөдү.Аталган мекеменин директору Гүлайым Чыныбековна Донбаева: “Шаардын жылуулук электр борборунун бузулуу учуранда оранжереядагы үшүк урган айрым өсүмдүктөр, бак-дарактар жанданып калды. Тоңуп калган банан да жанданды. Жаңы көчөттөр да чыгып, сүйүнтүп жатат. Бирок көп түрлөрүн жоготуп, кайра калыбына келтире албай калдык. Аны калыбына келтирүү боюнча да иштер жасалып жатат. Бул ак чөмүч баш, мындан башка өсүмдүктөр да гүлдөй баштады. Ак чөмүч баш үчүн институттун кызматкерлери атайын терең жана чакан көлмө жасашып, өстүрүшүүдө. Шаардын тургундары жана коноктор келип көрүп кетишсе болот.” – деген оюн бөлүштү
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2562