Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Тарыхчы-окумуштуулардын «Жарандык согуштун тарыхтагы феномени» аталышындагы Эл аралык жайкы мектеби уюштурулду

16-июлда тарыхчы-окумуштуулардын «Жарандык согуштун тарыхтагы феномени» аталышындагы Эл аралык жайкы мектеби ишин баштады. Аталган иш-чараны уюштургандар: КР Улуттук илимдер академиясы, Россия илимдер академиясынын Жалпы тарых институту, КМШ катышуучу-мамлекеттеринин гуманитардык кызматташуусунун Мамлекет аралык фонду жана КМШ өлкөлөрүнүн тарых институттарынын Эл аралык ассоциациясы.

Бул жылы тарыхчы-окумуштуулардын Эл аралык мектеби Ысык-Көл областында, Кара-Ой айылында 15-21-июль аралыгында өттү. Ага Россиянын, Беларусиянын, Украинанын, Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Армениянын, Тажикстандын, Молдованын ж.б. көрүнүктүү окумуштуу тарыхчылары катышууда. Ошондой эле катышкандардын арасында жаш окумуштуулар да бар, алар жайкы мектеп маалында ар кайсы өлкөдөн келген илимпоздордун лекцияларынан билимин байытканга келишкен.

Иш-чараны Жайкы мектептин алып баруучусу, тарых илимдеринин доктору, профессор Ч.У.Койчуманова ачып, КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институту 2005-жылдан бери КМШ өлкөлөрүнүн тарых институттарынын Эл аралык ассоциациясына мүчө экендигин, жана мындай иш-чаралар жыл сайын ар кайсы постсоветтик өлкөлөрдө өтүп жаткандыгын айта кетти. “Жайкы мектеп Кыргызстанда, биздин Улуттук илимдер академиясында өтүп жатканына кубануудабыз” – деди.

Андан соң сөздү КР УИАнын президенти, академик М.С.Жуматаев алып, келген конокторго ишинде ийгилик каалап, бул иш-чара көптөгөн өлкөлөрдүн башын бириктирүүдө өтө маанилүү экендигин, ошондой эле эл аралык кызматташуунун өнүгүүсүнө бир топ салым кошот деп үмүттөнөөрүн кошумчалап кетти. “Бизди тарыхыбыздын бир экендиги дагы деле бириктирип келет. Демек, аны кайра таразага салып, кайра баа беришибиз керек. Окумуштуулар, анын ичинде тарыхчылар бул процесстерге объективдүү баа бериши абзел. Бул жактан караганда жарандык согуш проблемасы сөзсүз түрдө абдан орчундуу көйгөй” – деди окумуштуу сөзүнүн аягында.

КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, корреспондент-мүчө А.А. Асанканов окумуштуулар менен жолугушкандыгына ыраазычылыгын билдирип, активдүү чыгармачыл дискуссия болооруна, ал майнаптуу жыйынтык алып келээрине ишеним билдирип кетти.

РИАнын Жалпы тарых институтунун атынан куттуктоо сөздү тарых илимдеринин доктору, профессор, башкы илимий кызматкер Сергеев Евгений Юрьевич алып, өз сөзүндө ой-пикир алмашуу, тажрыйбалуу изилдөөчүлөр, квалификациялуу эксперттер өзүнүн тажрыйбасын жана билимин жаш окумуштууларга берсу өтө маанилүү экендигин баса белгиледи. Ошондой эле Сергеев Е.Ю. Жалпы тарых институтунун атынан Борбор Азияга тийиштүү китептерди ыроолоду.

Жайкы мектептин ишинин алкагында “Ч.Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун” атынан тарых илимдеринин доктору, профессор Кабульдинов Зиябек Ермуханович жана КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун атынан Институттун директору, тарых илимдеринин доктору, корреспондент-мүчө А.А. Асанканов кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Аталган Меморандумду аткаруу максатында Тараптар биргелешип кызматташуунун багыттарын: илимий-изилдөөчү жана инновациялык ишмердикти өнүктүрүүнү аныктап алышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер