Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАда германиялык WISMUT ишканасынын өкүлү менен жолугушуу болду

7-августта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында республикадагы радиациялык калдыктарды рекультивациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча германиялык Wismut (Wismut GmbH) мамлекеттик ишканасынын өкүлү менен жолугушуу өттү.
Жолугушуу КР УИАнын Президиумунун Башкы окумуштуу катчысы, биология илимдеринин доктору Бекмамат Мурзакматович Дженбаев өткөздү.  Аталган компаниянын өкүлү доктор Петер Шмидт (Dr.Peter Schmidt) бул жолу МАГАТЭ уюмунун эксперти катары келди.   Жолугушууда мекемелер аралык кызматташуу, эл аралык долбоор аркылуу республикада иш пландарды түзүү, өзгөчө радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүү жана лабораториялык базаларды чындоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Кыргызстандагы айлана-чөйрөнү коргоо  жана кен иштетүү тармагындагы экологиялык жана рекультивациялык мониторинг жүргүзүүдө  доктор П. Шмидт КР УИА менен иштешүүгө кызыкдар экендигин билдирип, эки тарап атайын топ түзүү сунушун киргизди. Ошондой эле доктор П. Шмидт Башкы окумуштуу катчы Б.Дженбаевди келерки жылы боло турган Wismut ишканасынын симпозиумуна катышып, компаниянын тейлөө тармактары менен жакындан таанышып кетүүгө чакырды.
Жолугушуунун кийинки этабы УИАсынын Биология институтундагы Биогеохимия жана радиоэкология лабораториясында улантылды, ал жердеги жасалып жаткан иштер боюнча маалымат менен б.и.к., ага окумуштуу Жолболдуев Бактыяр тааныштырды. Аталган лаборатория мамлекетибиздеги Эл аралык аккредитациясы бар заманбап бөлүм болуп саналып, бир катар эл аралык долбоорлорго катышып келет.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер