Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун директору, академик Алтай Борубаев жана аталган институттун «Топология жана функционалдык анализ» лабораториясынын ага илимий кызматкери, физика жана математика илимдерин доктору Бекболот Канетов Грецияда өткөн «Topology and its Applications» эл аралык илимий конференциясына катышып келишти.
Анда академик А. Борубаев «A Lattice of compactifications of uniformly continuous mapping» деген темадагы, ал эми Б.Канетов «On strongly uniformly paracompact space» аталышындагы илимий докладын жасады.
Конференция Грециянын Нафпактос шаарында 2018-жылдын 7-11 июль аралыгында өтүп, иш-чарага 50дөн ашуун өлкөнүн математиктери катышкан. Ошондой эле КР УИАнын жогоруда аталган эки окумуштуусу Патрас университетинин жетекчилиги менен жолугушуу учурунда аталган университетке лекция окуп кетүүгө чакырылган.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2261