Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Легендарлуу инсан, белгилүү окумуштуу Какиш Рыскулова акыркы сапарга узатылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Рыскулова Какиш Рыскуловна жарык дүйнө менен кош айтышты. Окумуштууну акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында болуп, коштошуу митингине бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, медицина тармагынын өкүлдөрү жана окумуштуулар катышты


Коштошуу зыйнатында белгилүү хирург, КР УИАнын академиги, медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев көп жылдар бирге иштешип калган кесиптешин мындайча эскерди:

    “Какиш Рыскуловна –  биринчи доктор, биринчи академик, эл өкүлү, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган, биз сыймыктана турган инсан. Өтө таза, принцпиалдуу жана чынчыл эле. Аял кишиге хирург болуу оңой эмес. 7-8 саат бутуна туруп иштөөгө туура келгендиктен физикалык күч керек. Ошого карабастан ал эркектер менен теңтайлаша иштеп, ушул даражага жетти. Артында өзү даярдап кеткен көптөгөн шакирттери калды. Алар Какиш Рыскуловнанын жасаган ишин улантып, жоктотпойт деп ишенем. Өзү дагы ырыстуу адам экен, ошолордун ийгилигин, жетишкендиктерин көрүп анан кетти”, – деди. 

  

Эл агартуунун отличниги, Кыргызстандын эмгек сиңирген врачы, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер жана бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси – Какиш Рыскулова 1918-жылы 15-октябрда Чүй облусунун Кант районуна караштуу Четинди айылында туулган. 1944-жылы Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Эмгек жолун медайым болуудан баштап, 1967-жылдан 2002-жылга чейин КММИнин факультеттик хирургия кафедрасынын башчысы болуп келген.

  

Борбор Азиядагы алгачкы аял-хирург аталган Какиш Рыскуловнанын илимий эмгек жолу да ар тараптуу. Окумуштуу илим жаатында медицинанын онкология, нейрохирургия, травмотология, кан тамыр хирургиясы, ортопедия жана гастроэнтрология тармактарына изилдөө жасаган. Ал 250дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинен 13 монографиянын) автору, практикалык медицинага 11 иштелмени киргизген.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер