Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Ысык-Көлдө “Борбор Азиядагы экосистемага байланышкан симпозиум өтүүдө

Ысык-Көл облусунда “Борбор Азиядагы экосистемага мониторинг жана изилдөө: жыйынтыктар жана илимий-практикалык пайдалануу” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык семинар өтүүдө.


Иш-чарага Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М.Адышев атындагы Геология институтунун, Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун окумуштуулары жана дүйнөнүн 8 мамлекетинен келген окумуштуулар катышууда.

М.М.Адышев атындагы Геология институтунун директору Кадырбек Сакиев семинар-тренингдин маанилүүлүгүн, буга чейинки өткөрүлгөн иш-чаралар, анын негизинде жасалган ийгиликтер жөнүндө айтып келип, төмөнкүлөргө токтоло кетти:

 – Бүгүн тажрыйбалуу профессорлор илимий көз караштарын, практиктер жасаган иштери жөнүндө маалымат беришип, жаш  окумуштууларга лекция окушууда. Мурда экологияга байланышкан иштерди бөлүп изилдеп, бөлүп карачу элек. Мурда өсүмдүктөрдүн экологиясы, жер кыртышынын экологиясы ж.б. деп карасак, бүгүн комплекстүү түрдө карап жатабыз.

Семинардын максаты – окумуштуулар арасында тажрыйба жана илимий идея, методдор менен бөлүшүү жана пикир алмашуу.

      Симпозиумга катышып жаткан КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун Бийик тоолуу көлдөр лабораториясынын башкы илимий кызматкери Тамара Тузова көп жылдардан бери Ысык-Көлдү изотоптук метод менен изилдеп келээрин белгилеп: “Биздин суулар, анын ичинде Ысык-Көл дагы урандын изотобу менен байытылган. Аталган метод өз кезегинде көптөгөн гидрологиялык жана гидрогеологиялык маселелерди чечүүгө абдан жардам берет”, – деген оюн билдирип өттү.

       Иш-чара   КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун Кызыл-Суу айылында жайгашкан Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун базасында болууда жана ал 30-августка чейин уланмакчы.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер