Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Турар Койчуевдин 80 жылдык юбилейи чоң салтанат менен белгиленди

12-сентябрда “ Илимге арналган – өмүр”  деген аталыштагы академик Турар Койчуевдин  80 жылдык юбилейине арналган илимий конференция болуп  өттү.

Конференцияны Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Садырбекович Жуматаев ачып: “Биз бүгүн академиябыздын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө зор салымын  кошкон, академиянын президенти болгон академик Турар Койчуевичдин 80 жылдык юбилейин белгилеп атабыз. Турар Койчуевич экономиканы илим катары гана изилдебестен, илимий эмгегин мамлекетти башкарууда колдонгон мамлекеттик ишмер катары да белгилүү. Биздин мамлекет түптөлүп атканда Турар Койчуевичтин жетекчилиги астында жасалган бир топ иштер өлкөбүздүн өнүгүп кетишине зор салымын кошту. Аны үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз” – деп, мааракенин ээсин куттуктады.


Куттуктоого келген, Кыргызстандын  Жогорку Кенешинин депутаты Бакирдин Жамалович Субанбеков Турар Койчуевичтин жаштарга илимге кызыктырууга кылган аракетин, аны менен сыймыктанаарын айтып: “Сиз экономикага кылган салымыңыз бөтөнчө зор.  Союз тарап, кайсы жолго барабыз деп туңгуюкта турганда туура багыттарды айттыңыз, мамлекеттин өнүгүшүнө өзүңүздүн үлүшүңүздү коштуңуз” – деп, кошумчалап кетти.

      

Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, корреспондент-мүчөсү Осмон Асанкулович Тогусаков: “Учурда Кыргызстандын коомдук өсүп өнүгүүсү жөнүндө макалалардын сериясы чыгып жатат. Ошол сериянын тогузунчу тому Турар Койчуевичтин юбилейине арналган” – деп, маараке ээсинин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө кошкон салымына токтолуп кетти.

Иш-чарага Тажикстандык, Өзбекстандык окумуштуулар, коомдук жана саясий ишмерлер, ЖОЖдордун окутуучулары, илимпоздор катышты. 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер