15-сентябрда Улуттук илимдер академиясы ишембилик өткөрдү.
Ишембиликте УИАнын президенти М.С.Жуматаев илимий изилдөөчү мекеменин кызматкерлери, ЖЖдордун студенттери жана ыктыярчылар менен Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта ишембиликке катышты. Ишембилик ошондой эле УИАнын эсебиндеги бардык территорияларында өткөрүлүп, катышкандар территорияны куураган жалбырактардан тазалашты.
Ал эми Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бактагы ишембиликке Өлкөнүн Президенти баш болгон топ да катышкан. Президент С.Ш.Жээнбеков бактын абалы менен таанышып чыкты. “Бакты реконструкциялоонун планы тууралуу Мамлекет башчысына Ботаникалык бактын директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева менен Бишкектин мэри Азиз Суракматов айтып беришти” – деп билдирди КР Президентинин басма-сөз кызматынан.
Ишембилик ошондой эле Түштүк бөлүмүндө да жүрдү.
Эскерте кетсек, иш-чара 15-сентябрь Дүйнөлүк тазалык күнү деп белгиленип, ага карата жүздөн ашык мамлекетте ишембилик өткөрүлгөн.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2321