Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыз философтору XXIV Бүткүл дүйнөлүк философиялык конгресске катышты

КР УИАнын вице-президенти, корреспондент-мүчө, философия илимдеринин доктору О.А.Тогусаков жана философия илимдеринин кандидаты, “Биом” экологиялык кыймылдын төрагасы, УИАнын докторанты В.А.Коротенко “Адам болууга үйрөнүү” аталыштагы XXIV  Бүткүл дүйнөлүк философиялык конгресске катышып келди.

Кыргызстандын окумуштуулары: О.А.Тогусаков «Илимдин философиясы» секциясында «Таануу системасындагы философияны жана илимди салыштыруу» жана В.А.Коротенко «Өнүгүү философиясы» секциясында Туруктуу «Өнүгүүдөгү өзөктүү дискурстардын парадигмаларын философиялык түшүнүү» доклады менен чыгышты.


Жыйынтыктап айтканда, Конгресс коюлган милдеттеринин максатына жетти деп айта алабыз. Кыргызстанда философиянын өнүгүшү үчүн көтөрүлгөн темалар актуалдуу деп эсептейбиз. Дүйнөлүк агымдын катышын өткөрүү жана интеллектуалдык жетишкендиктерди тааныштыруу мүмкүнчүлүгү, багыттар, докладдар жана секциялык сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстан жана Борбордук Азияны өлчөө менен философиялык ойлордун өнүгүү абалы, ошондой эле “Чыңгыз Айтматов жана бүгүнкү күндөгү чакырыктар” деген Эл аралык Ысык-Көл Форуму өтөөрүн жарыялоо жана дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн философторду чакыруу, 21-кылымдагы адамзаттын негизги чакырыктарына жоопторду биргелешип издөө жана талкуулардын пландаштырылган алкагында: глобалдык коопсуздук, экологиялар, демография, планетардык мүнөздөгү коомдук жана экономикалык көйгөйлөр, Чыңгыз Айтматовдун идеяларын кайра таразага салуу жана жайылтуу аркылуу инсандын жана коомдун руханий байлыктарын өнүктүрүүгө аракет ишке ашырылды.

         Мындай масштабдагы иш-чарага улуттук илимдин өкүлдөрүнүн катышуусу, бир жагынын Дүйнөлүк Конгресс катары, философиялык илим жаатындагы Кыргызстандын окумуштууларынын эмгектерин татыктуу таануу, биздин академиялык кызыкчылыктар тармагындагы жаңыланган иштеп чыгуулардын мүмкүнчүлүгү, ошондой эле илимий маалымат алмашуу системасынын эффективдүүлүгүн актуалдаштыруу, мобилдүүлүк. Бул албетте, биздин кесиптик өсүшүбүздү бекемдейт жана өлкөнүн илимий коомчулуктагы гуманитардык дискурсунун философиялык сапатын жакшыртууга жардам берет.

         Дүйнөлүк философиялык конгресс ар бир беш жылда жамааттык мүчөлөрүнүн бири Эл аралык философиялык коом федерациясы менен биргеликте өткөрүлүп турат. XXIV Дүйнөлүк философиялык конгресс 2018-жылы 13-20-августта Кытай уюштуруу комитетинин колдоосу астында Пекин шаарында өткөн.

         Конгресстин негизги темасы “Адам болууга үйрөнүү”. 2018-жылы өткөрүлгөн Конгресс бири-бирине байланышкан бир нече максатты көздөп, адамдын ар тараптуулугун изилдегенге басым жасады жана адамзат туш болуп жаткан коркунучтарга жооп бергенге аракет жасады. Дүйнөлүк Конгресстердин салтына ылайык, негизги тема: Эго (Self), Коомчулук, Жаратылыш, Руханийлик, Салттар деген пленардык жыйындарда талкууланды.

            Конгресске ар түрдүү маданияттардын, мектептердин жана салттардын ар кандай философиялык жетишкендиктерди тартуулаган,  дүйнөнүн бардык региондорунан келген 121 өлкөнүн академиялык кызматкерлери жана философтору катышышты.

 

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер