Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Ботаникалык бакка 80 жыл

19-сентябрда Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багында “Ботаникалык бактар: Өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгүн сактоодогу ролу жана мааниси” аттуу Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын 80 жылдыгына арналган илимий конференция болуп өттү.


Конференцияга УИАнын вице-президенти, корреспондент-мүчө О.А.Тогусаков, К.И. Скрябин атындагы КУАУнин токой чарба жана Агрономия факультетинин мөмө-жемиш жана токой чарба бөлүмүнүн башчысы корреспондент-мүчө, профессор И.С.Содомбеков, а-ч.и.к. О.В.Пахомеев жана УИАнын Биология институтунун жана Ботаникалык бактын кызматкерлери катышышты.

Конференциядагы материалдар “Известия НАН КР” журналына жарыяланат.

        

Маалымат үчүн:

            Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Энвер Закизьянович Гареев атындагы  Ботаникалык бак 1938-жылы (Кыргыз  ССРинин Эл Комиссарлар Советинин 1938-жылдын 13-мартындагы №336 Жарлыгы) түзүлгөн.

            Бул Борбор Азиядагы ири Ботаникалык бактардын бири болуп саналат, жалпы аянты 174,32 гектарды түзөт.

            Ботаникалык бактын  түздөн-түз милдети   өсүмдүктөрдүн түрлөрүн киргизүү жана асыл тукум алуу, өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүктөрүн сактоо.

            УИАнын Ботаникалык багы дүйнөлүк реестрдин ботаникалык багына кирет, Эл аралык өсүмдүктөрдү коргоо боюнча ботаникалык бактар Советинин мүчөсү болуп саналат, КМШ өлкөлөрүнүн  Эл аралык бириккен Илимдер академиясынын астындагы  ботаникалык бактар Советинин биргелешкен мүчөсүнүн түзүмүнө кирет.  Дүйнөнүн 37 өлкөсүнүн 140 дан ашуун ботаникалык бакчалары жана арборетумдары менен кызматташат.

            Ботаникалык бактын  негизин ар кайсы өлкөлөрдөн алынып келинген өсүмдүктөрдүн (6500 дөн ашык түрлөрү жана сорттору) уникалдуу жыйындысы түзөт.

            Бакчанын кызматкерлери билим берүү жана илимий иш-милдетин жүзөгө ашырып, студенттерге, мектеп окуучуларына, ар кыл өлкөлөрдөн келген эко-туристтерге  асыл тукум өсүмдүктөрдү көбөйтүү жана  өстүрүү боюнча сабактарды  өтүп, сунуштарын камсыз кылып, маалымат каражаттарында иш алып барышат. Ботаникалык бактын  Ресурстук борборунда жалпыга маалымдоо үчүн мастер-класстар, дарстар, багбанчылык, бакчылык боюнча көргөзмөлөр өткөрүлүп турат. 

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер