Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР Президенти Сооронбай Жээнбеков академик Абдылдажан Акматалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-сентябрда өлкөбүздүн  Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевди кабыл алды. 

Жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейин өткөрүүнүн алкагында  жана жазуучунун чыгармаларын жайылтуу боюнча  институттун ишмердиги тууралуу сөз болду.


Абдылдажан Акматалиев Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди.

Тактап айтканда, жазуучунун чыгармачылыгына арналган 30дан ашуун китептерди, Айтматовдун чыгармалар жыйнактарын кыргыз жана орус тилдеринде  чыгаруу тууралуу Өкмөттүн тапшырмасы аткарылды. Бардык болжолдонгон  чыгармалар даярдалып, басмадан чыгарылды. Бул тапшырма Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турган мезгилде берилгендиги белгиленди.

     

Президент улуу жазуучунун чыгармалары дүйнө элдеринин маданияттарынын  жакындашуусуна жана өз ара байышына зор таасир тийгизгендигин белгиледи.

«Айтматовдун адабий мурасы көп кырдуулугу жана кайталангыстыгы менен кыргыз элинин гана эмес, жалпы адамзаттын дөөлөтүнө айланып калды. Биздин милдет — Чыңгыз Төрөкуловичтин баалуу адабий мурасын болочок муунга жеткирүү. Бул милдетти биз намыс жана сыймык менен аткарууга тийишпиз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы дүйнөнүн маданият жана илимий ишмерлеринин  жер жүзүндө тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча жаңы идеяларды жайылтуу максатында уюшулган «Ысык-Көл форумуна»  даярдык көрүүнү күчөтүү боюнча  тапшырма берди.

Маалымат жана сүрөттөр КР Президентинин сайтынан алынган.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер