Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын фарсы тилиндеги кол жазмаларынын каталогу даяр болду

4-октябрда Кыргызстандагы Иран Ислам Республикасынын Элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүктүн өкүлдөрү КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондундагы фарсы тилиндеги кол жазмалардан түзүшкөн каталогун алып келишти.


– Каталог кыргыз жана Иран окумуштууларынын биргелешип жасаган эмгеги. Муну китеп кылып чыгарабыз. Биздин окумуштуулардын көбү иран тилин биле бербейт. А бул каталогдо ар бир кол жазманын мазмуну, каерде, качан, ким тарабынан жазылганы келтирилет. Бул көп тармактагы илим изилдеген окумуштуулардын фарсы тилиндеги кол жазмада кызыккан темасы болсо аны тереңдетип окуп алганга ыңгайлуу – деди академик М.С.Жуматаев.

  

Кыргызстандагы Иран Ислам Республикасынын Элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн директору Али Хакимпур каталогдун баш сөзүндө: “Кыргызстан Иран жана Борбор Азиянын ортосундагы маданий жалпылыктын ири катмарын камтыган мамлекеттердин бири болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын илимдер академиясы фарсы кол жазмалар басылмасынын тарыхый-маданий баалуулугуна түшүнгөндүк менен мамиле кылып, ал кол жазмалардын сакталуусуна чоң камкордук көрсөттү жана ынаталык менен мамиле кылды – деп, УИАга ыраазычылыгын билдирген.

Каталогдо акын Мирза Бедилдин, Омар Хаямдын, Абдулкадыр Бедиль Дехлевинин, Аттар Нишабуринин жана башкалардын ырлары, прозалары философия жана теософия темаларына арналган чыгармалары катталган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер