Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын Ж. Жээнбаев атындагы Физико-техникалык маселелер жана материал таануу институтунун базасында Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору ачылды

2018-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу Ж. Жээнбаев атындагы Физика-техникалык маселелер жана материал таануу институтунун базасында Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) кезектеги филиалын ачты.


ТИКБнын филиалын ачылышынын алкагында Кыргызпатент алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу менен Физика-техникалык маселелер жана материал таануу институту кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту. Ошондой эле катышуучулар үчүн “Маалымат базаларында патенттик маалымат издөө” жана “Кыргыз Республикасында автордук укук” деген темадагы презентациялар тартууланды.

Иш-чарага КР УИАнын окумуштуулары, институттун илимий кызматкерлери, башка ТИКБнын координаторлору жана Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты.

    

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасында Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун колдоосу менен ачылган ТИКБнын тармактарынын ишмердүүлүгүн Кыргызпатент алдындагы ИМ Мамфонду координатору жана түзүүнүн демилгечиси болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ТИКБнын 27 филиалы иш алып барат.

ТИКБ тармактарын түзүүдөгү максаты – патенттик жана патенттик эмес маалыматтарды колдонуу натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны алуу жолдорун жеңилдетүү, патенттик укук чөйрөсүндөгү билимдерди аймактык деңгээлде жайылтуу. Борборлор интеллектуалдык менчик тармагындагы эл аралык маалымат ресурстарына кирүүнү акысыз ишке ашырат.

Борборлор өзүнө жүктөлгөн тапшырмаларды чечүү үчүн төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:

–              патенттик маалыматтык кызмат көрсөтүү жана маалымат базаларын издөөнү өткөзүү боюнча окутуу;

–              академияга интеллектуалдык менчик маселелери боюнча конференция, семинар жана башка иш-чараларды өткөзүүдө көмөктөшүү;

–              интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдар боюнча жалпы маалымат берүү.

 

ТИКБнын ишмердүүлүгү жөнүндө толук маалымат жана филиалдарынын даректери www.fund.patent.kg сайтына жайгаштырылган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер