Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“XXI кылымдын босогосундагы инновациялык илим” аттуу Эл аралык илимий конференция өттү

Бүгүн, 23-октябрда Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун 75 жылдыгына арналган “XXI кылымдын босогосундагы инновациялык илим” аттуу Эл аралык илимий конференция өттү.


Иш-чарада УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев куттуктоо сөзүн сүйлөп:

 “Институттун  илимпоздорунун макалалары дүйнөлүк басылмаларга, илимий журналдарга көп жарыялангандыгын, бул да болсо илимдин жетишкендигинин жыйынтыктары экенин белгиледи. Жалпысынан айтканда Химия институту академия үчүн чоң таяныч, келечеги кең тармак  экенин” – белгилей кетти.

Химия жана химиялык технологиялар институтунун директору, биология илимдеринин доктору Кайыркул Түнкатарович Шалпыков:

“Бүгүнкү күндө глобалдык өзгөрүүлөр доору жана кадрлардын ишкердик квалификациясын жогорулатуудагы инновациялык окутуулар биринчи даражадагы мааниге ээ. Инновациялык технологиялардын негизинде биздин институттун кызматкерлери   азыркы замандын талабына ылайык илимий эмгектерди изилдөөгө активдүү умтулушууда. Институт 75 жыл аралыгында Кыргызстанда эле эмес чет өлкөлөрдө иштеп жаткан көптөгөн таланттуу окумуштууларга жол ачып берди” – деген оюн билдирип, иш-чаранын катышуучуларын куттуктады.

  

Конференцияга Казахстандын, Россиянын жана Кыргызстандын окумуштуулары катышты.

Иш-чаранын алкагында Ыссык-Көлдүн биомассасынын аныктамасы, Кыргызстандагы нанотехнологиянын келечеги, табигый полимерлердин негизиндеги функционалдык материалдар деген темалар талкууланды.

Ошондой эле Химия жана химиялык технологиялар институтунун конференц-залынын ачылышы  болду. 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер