Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Аида Кубатова, тарых илимдеринин кандидаты: “Репрессияга кабылган комсомолдорубузду изилдешибиз керек”

Бүгүн, 25-октябрда КР УИАда Комсомолдун 100-жылдыгына арналган “Комсомол: убакыт сыноосунан өткөн жол” (Бүткүл Союздук Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзу)  аттуу илимий-практикалык конференция өттү.


Иш-чараны УИА президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев ачып:

“Комсомолдун ары татаал, ары даңктуу басып өткөн жолун  эскерип белгилөө биз үчүн чоң сыймык. Биздин ал кездеги комсомол жаштарыбыз республикабыздын илимин, маданиятын, билим берүүсүн көтөрүүгө эбегейсиз зор салымдарын кошушкан. Азыркы жаштарыбыз улуу муундар түзүп кеткен илимдин базасын дагы улантып, дүйнөдөгү илимий мейкиндикте өз ордун табат деген ишенимдемин” – деп, комсомолдун 100 жылдыгы менен куттуктады.

Тарых илимдеринин доктору Акылбек Джуманалиевич Джуманалиев өзүнүн баяндамасында төмөнкүлөргө токтолду:

“Совет бийлиги кыргыз коомчулугунда маанилүү роль ойногон. Жаштар Совет бийлигинин алгачкы жылдарында өлкөнү индустриялаштырууга, коллективдештирүүгө салымын кошуп,  активдүүлүгүн көрсөтүшкөн. Кыргызстан комсомолу өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн зор салым кошкон”.

Иш-чараны уюштуруучулардын бири, тарых илимдеринин кандидаты Аида Эсенкуловна Кубатова комсомол уюмунун тарыхын лидер Осмонкул Алиевдин мисалында карап жатып, комсомолдордун 20-жылдардын башында саны аз болгондугуна карабастан агартуу иштерине активдүү катышкандыгын, алар кыргыз тарыхында орду бараандуу экендигин белгилеп, мындай деди:

“Комсомолдун 100 жылдыгын майрамдоонун алдында биз жаштар кыймылынын репрессияга туш болгон лидерлерин эске алышыбыз жана эң негизгиси ал тарыхтан сабак алып, келечекте комсомол кыймылынын маанилүү жерлерин ар тараптан так жана туура изилдөөнү улантышыбыз керек” – деген пикирин билдирди.

  

Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратына караштуу “Мурас” коомдук фондунун жетекчиси Кыяс Сатарович Молдокасымов конференциянын катышуучуларын куттуктап:

“Комсомол – бул жаштыктын өзгөчө, жигердүү мезгили. Кыргыздын ажырагыс тарыхы. Бүгүнкү  күндө ушундай илимий жыйындарда жандуу пикир алышып, комсомолдун баштан өткөн эң бир белгилүү учурларын эскерип, ошолорду кийинки муунга жеткирип турушубуз керек. Себеби, эгемендүүлүк мезгилден баштап жаштарыбыз боштукта калды. Жаштарыбызды ошол туңгуюктан алып чыгууда комсомолдун багыттарын колдонсок. Ар дайым ошол кездеги жаштыкты, жигердүүлүктү эстеп турсак” – деп кошумчалады.

Конференцияда Кыргызстан комсомолунун тарыхы,  Кыргызстандагы жаңы муундар үчүн комсомолдун тарыхый мааниси, жаштардын совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы саясий аң-сезимин жогорулатуу, жаштардын миграциялык аспектисинин   оң жана терс жактары, бүгүнкү күндөгү жаштардын өлкөдөгү ролу, комсомол коммунизмдин эл аралык фактору ж.б. темалар талкууланды.

  

Илимий жыйынга Россия кызматташуу өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы жетекчиси Нефедов Виктор Леонидович, дипломатиялык миссиялардын жетекчилери, окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, коомдук ишмерлер, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн аспиранттары  катышты.

Иш-чара КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институту, КРнын Президенттик аппаратына караштуу “Мурас” коомдук фонду, Комсомолдун 100 жылдыгын белгилөө боюнча уюштуруу комитети жана Ж.Баласагын атындагы Улуттук университети тарабынан  уюштурулду.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер