Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын окумуштуулары Армения УИАнын 75 жылдык юбилейине катышышты

КР УИАнын  президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев жана Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Чолпон Урушбековна Койчуманова Армения Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чакыруусу менен, Ереван шаарында өткөн Армениянын УИАнын 75 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракеге жана илимдер академияларынын Эл аралык ассоциациясынын (ИАЭА) отурумуна катышышты.


КР УИАсынын өкүлдөрү Армениянын УИАнын президенти Радик Мартиросович Мартиросян жана академиянын жетекчилиги менен жолугушуп, КР УИАнын атынан куттукташып, кызматташтык макулдашууларды иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүштү. Ошондой эле  “Матенадаран” Байыркы кол жазмалар институту менен таанышышып, “Тумо” креативдүү технологиялар борборунда болушту.

Иш-чарада КР УИАсы мүчөсү болуп саналган илимдер академияларынын Эл аралык ассоциациясынын (ИАЭА) отуруму өттү. Отурумда “ИАЭАга мүчө мамлекеттердин илимий-инновациялык өнүгүү программасы, стратегиясы, концепциясы” темасын талкуулашты.

 

“ИАЭАнын илимий кеңешинин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Илимий кеңештин иши жөнүндө”, “ИАЭАнын сыйлыгынын жөнгө салуу жөнүндө”, “ИАЭАнын  башчысынын орун басарын  бекитүү жөнүндө” жана  ИАЭАнын кезектеги жыйынынын кайсыл жакта өтөөрү жөнүндө  суроолор каралды.

Ошондой эле Россия, Казакстан, Тажикстан, Украина, Кытай, Корея, Мексика жана Эстониялык кесиптештер менен илимий изилдөөлөр жана инновация жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер