Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Регионалдык илим – регионалдык экономикага

26-октябрда К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетте “Регионалдык илим – регионалдык экономикага” аталыштагы илимий-практикалык конференция өттү.


УИАнын президенти, академик М.С.Жуматаев конференцияда Түштүк регионунда артыкчылыктуу тармактар болгон энергетика, токойчулук, илимий ишти уюштуруу, ж.б. жөнүндө айтып: “Азыркы учурда региондогу илимдин орду, жергиликтүү бийлик менен байланышы, жергиликтүү органдар коюп жаткан маселелерди чечүүдө кандай илимий иштер жасалып жаткандыгы маанилүү маселелерден. Бүгүнкү конференция дагы регионалдык илим кандай жолдор менен мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө салым кошсо болоорун алдыңкы планга койгон. Конференциянын резолюциясын жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарына жөнөтөбүз” –деген пикирин кошуп кетти.

         

Иш-чара КирФАНдын 75 жылдыгына (1943-2018-жылдар) жана “2018-жыл КР региондорун өнүктүрүүгө” арналган.

Иш-чаранын алкагында э.и.д. К.Ш.Токтомаматовдун эстелигине гүл коюлуп, илим күнүн утурлай УИАнын президенти Түштүк бөлүмүнүн кызматкерлерине сыйлык тапшырды.

         

ЖОЖдордун өкүлдөрү академиялык жана жождук илимдин реалдуу интеграциянуусунун проблемасы жана анын региондун экономикасына таасири боюнча ой бөлүштү.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер