Бүгүн, 1-ноябрда академик Адышев М.М. атындагы Геология институтунун 75 жылдыгына арналган илимий конференция өттү.
Иш-чараны Геология институтунун директору, геолого-минерологиялык илимдеринин доктору Кадырбек Сатыбалдынович Сакиев ачып, катышуучуларды куттуктады.
Конференцияда физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен-геологиялык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Аскар Асанбекович Кутанов куттуктоо сөзүн айтып:
“Илимдер академиясы менен кошо Геология институту да түзүлгөн. Ошол учурдан бери институтта көрүнүктүү окумуштуулар, кесипкөй-адистер иштеп келе жатат. Көптөгөн илимий ачылыштар ачылып, карталар түзүлүүдө. Кыргызстандагы илим тармагына чоң салымын кошкон институттардын бири” – деп кошумчалады.
Ошондой эле КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы, биология илимдеринин доктору Бекмамат Мырзакматович Жээнбаев КР УИАнын президентинин атынан куттуктап, институттун бир топ ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын түндүк регионундагы негизги геоэкологиялык көйгөйлөр, Тянь-Шандагы географиялык изилдөөлөр, ресурстарынын жалпы маселелери боюнча темалар талкууланды
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2456