Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Алмаз Абдулхаевич Алдашевдин 65 жылдыгына арналган эскерүү конференциясы өттү.

Бүгүн, 1-ноябрда, академик, Алмаз Абдулхаевич Алдашевдин 65 жылдыгына арналган эскерүү конференциясы өттү.


Иш-чарада Алмаз Абдулхаевичтин илимге кошкон салымы, уюштуруучулук жана педагогдук таланты, адамдык касиети жөнүндө эскерүү болуп, ага арналган даректүү тасма көрсөтүлдү.

Ошондой эле анын коллегаларынын илим жаатындагы ийгиликтери жөнүндө докладдар окулду.

УИАнын президенти М.С.Жуматаев иш-чараны ачып жатып, А.А.Алдашевди илимдин бардык көрсөткүчтөрү жагынан алдында болгонун: илимий практикасын, уюштуруу иштерин жана илимий макалаларынын Хирш индексинде жогору баалангандыгын белгилеп кетти. “Алмаз Абдулхаевич чет өлкөлүк коллегалар менен да илимди уюштурууда жакшы ийгиликтерге жеткен” – деп кошумчалады.

  

Академиктин шакирти, Кыргыз Улуттук агрардык университеттин ректору Нургазиев Рысбек Зарылдыкович Алмаз Абдулхаевич менен иштешкен учурун айтып жатып төмөнкүлөргө токтолду:

–         Илимди уюштуруучулук жагынан гана эмес илим жагынан да жакын элек. Биохимия, иммунология, молекулярдык биология темалары биз үчүн эң кызыктуу темалар эле. Чындыгын айтканда кыргызстандын тарыхында молекулалык биология жагынан Алмаз Абдулхаевичтей дүйнөлүк деңгээлге чыккан окумуштуулар али жок. Анын бийик тоодо жашаган адамдардын өпкөсүндөгү ферментти тапкан. Бул илимдин келечегине таасир берген чоң секириктердин бири. Академиктин шакирттери бүткүл дүйнөдө иштеп жатат.

Иш-чара КР УИАнын Президиуму жана Химиялык технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарба бөлүмү тарабынан уюштурулууда


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер