Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын кабарлары журналынын жаңы бешинчи саны жарык көрдү

“Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын жаңы саны басылып чыкты. Атайын чыгарылышка Химия жана химиялык технологиялар институтунун 75 жылдыгына арналган “XXI кылымдын босогосундагы инновациялык илим” аттуу Эл аралык илимий конференциянын  материалдары жарыяланган.


Жаңы санда УИАнын академиги Бектемир Мурзубраимович  Мурзубраимовдун “КР УИАнын Химия жана фитотехнология институтуна – 75 жыл” деген макаласы жарык көргөн. Макалада Кыргызстандын Илимдер академиясынын химия институтунун илимий-изилдөө жана өнүгүү тарыхы (1943-жылдан 2018-жылга чейин) баяндалат.

Журналдын “Фитотехнология” бөлүмүнө К.Т. Шалпыков,  Н.А. Султанов, К.Т. Мусуралиев жана Тадаши Шимудзинин биргелешип изилдөөгө алган “Чычырканактын Алтай сортторун Кыргызстанда өстүрүү иштери боюнча биринчи маалыматтар” деген илимий изилдөөсү жарык көргөн. Макалада чычырканактын токой чарбаларындагы энелик питомниктериндеги Алтай сортторун  өстүрүү иштери боюнча эки жылдык жыйынтыктары берилген.

Ошондой эле институттун окумуштууларынын “Кумтөр алтын алуучу фабрикасынын таштандыларындагы цианиддерди биологиялык жол менен ажыратуу”, “Жогорку жана гиперүндүү агымындагы химиялык активдүү суюктуктун диркиреп агышы”, “Микросфералардын негизинде иштелип чыккан жылуулоо сырлары” ж.б. макалалары жарыяланган. 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер