Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КирФАНдын 75 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү

Бүгүн, 14-ноябрда, саат 10.00до  УИАда СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын (КирФАНдын) 75 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйыны өттү.


Салтанаттуу жыйынды ачкан, УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев 1943-жылы ачылган КирФАНдын тарыхына кыскача токтолуп, төмөнкүлөрдү кошумчалады:

–         Азыркы мезгил академиялык илимдин ири илимий-техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу жана эксперттик жактан текшерүү,  экономикалык-социалдык өнүгүү, айлана-чөйрөнү жакшыртуу ошондой эле академиялык, тармактык жана жождордогу илимди айкалыштырууга өбөлгө түзүү жаатында мамлекеттик чечимдерди илимий негизде чыгарууга жигердүү катышуусун талап кылат. Ошону үчүн изилдөөлөр менен иштеп чыгуулардын өлкө экономикасынын стратегиялык тармактарын технологиялык жактан модернизациялоого өбөлгө түзүүчү жана алдыңкы технологиялардын негизинде анын теңтайлашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу натыйжалуу илимий системасын жана Улуттук илимдер академиясынын инновациялык түзүмүн калыптандыруу, УИАнын илимий дареметин кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө  негизги булактарынын бирине айландыруу зарыл” – деп баса белгилеп кетти.

     

КР Президентинин Аппараты жетекчисинин биринчи орун басары А.М.Кененбаев Өлкө Президенти С.Ш.Жээнбековдун куттуктоо сөзү менен тааныштырды. Куттуктоодо Президент Улуттук илимдин түптөлүшү, элита катары калыптангандыгы, ийгиликтери жөнүндө  айтылып: “Урматтуу илимпоздор! Сиздер жаңычылдыкка умтулуп, чыгармачыл изденүү, алдыңкы идеяларды жайылтуу аркылуу Эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө жана элибиздин турмушун жакшыртууга татыктуу салым кошосуздар деп ишенем” – делген.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин атынан куттуктоолор окулуп, УИАнын окумуштууларына КирФАНдын 75 жылдыгына жана КР Илим күнүн майрамдоого байланыштуу, КР илими, өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

КР УИАнын Математика институтунун Колдонмо математика-информатика лабораториясынын башчысы А.Б.Байзаков, КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Т.И.Старусева, КР УИАнын Химия жана фитотехнология институтунун органикалык эмес химия лабораториясынын башчысы Н.Шыйтеева, КР илим жаатындагы көп жылдык жигердүү эмгеги жана коомдук ишмердиги үчүн З.Б.Мамыркулова, С.И.Искандаров, КР УИАнын Философия жана укук таануу институтунун илимий кызматкери Р.Стамова, Биотехнология институтунун илимий кызматкери Е.М.Лущихина.

Ал эми КР Өкмөтүнүн энчилүү сааты менен КР УИАнын Машине таануу институтунун лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери Ж.Усубалиев сыйланды.

УИАнын илимпоздорун КР Билим берүү жана илим министрлиги дагы куттуктап, сыйлыктарын ыроолоп кетти.

Салтанаттуу жыйынга келген Казак, Өзбек, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Украина, Россия, Молдова республикаларынын жана Монголия, Кытай өлкөлөрүнүн илимий мекемелеринин өкүлдөрү, К.Аденауэр  атындагы фонддун Борбор Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү доктор Т.Кунце Кыргызстан менен байланыштары, анын ичинде илим жана билим жаатындагы кызматташуусу жөнүндө айтып, келечекте да тыгыз иштешээрин, окумуштууларга албан ийгиликтерин каалап кетишти.

Илимдер академияларынын эл аралык ассоциациясынын мүчөсү, академик П.А.Витязь:  “учурда илимпоздор илимди гана өнүктүрбөстөн, эл аралык байланышты бекемдеши, тынчтыкты орнотуу, планетаны тышкы таасирден жана Жердеги залалдуу окуялардан сактап калуу милдети турат” деген оюн билдирди.

Иш-чарада УИАнын 75 жыл ичинде жасаган жетишкендиктери, көрүнүктүү инсандар жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлүп, көргөзмө уюштурулган


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер