14-ноябрда УИАда СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын 75 жылдыгына арналган “Академиялык илим: тажрыйбалар, көйгөйлөр жана келечек” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чараны УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев ачып:
– КР УИА академиялык илимдин артыкчылыктуу деп тандалган багыттардын алкагында актуалдуу фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүп жатып, академиялык инновациялык системанын тең салмактуу динамикалык өнүгүүсүнө, экономиканын инновациялык өсүшүнө шайкеш келген илимий изилдөөнүн деңгээлине жана коюлган милдеттер менен максаттарды чечүүгө багытталган жогорку деңгээлдеги илим изилдөөчү борбор болууга жетүүгө аракет кылат” – деп белгиледи.
Конференциянын жүрүшүндө Армения Республикасынын УИАсынын Табигый илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы, корреспондент-мүчө Рубен Михайлович Арутюнян, Монголиянын УИАсынын окумуштуу катчысы Авид Будээбазар жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, корреспондент-мүчө Рысбек Зарылдыкович Нургазиев баяндама окушту.
Ошондой эле Молдова ИАсынын вице-президенти Ион Гучак жана РИАнын Сибирдеги бөлүм башчысынын орун басары Михаил Иванович Воевода менен КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев тарабынан илимий-техникалык кызматташуу келишимине кол коюшту.
Айта кетсек, ал конференцияга: Казак, Өзбек, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Украина, Россия, Молдова республикаларынын жана Монголия, Кытай өлкөлөрүнүн окумуштуулары катышкан.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2283