Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИА илим темасын мыкты чагылдырган журналисттерге ыраазычылык билдирди

19-ноябрда КР УИАнын президенти Мурат Садырбекович Джуматаев КР УИАнын 75 жылдыгына жана Илим күнүнө карата КР УИАсы менен тыгыз кызматташып, окумуштуулардын алгылыктуу илимий эмгектери, өрнөктүү өмүрү тууралуу маалыматтарды коомчулукка жеткирип албан эмгек жасоо менен илимди даңазалоого салымын кошкон журналисттерди кабыл алды.


Академик М.С. Джуматаев УИАнын жасаган иштерин, илимдин жетишкендиктерин, ийгиликтерин бөлүшүп, тыгыз кызматташып, академия тууралуу маалыматтарды коомчулукка жеткирип жаткандыктары    үчүн журналисттерге ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

 Ошондой эле жолугушууда бүгүнкү күндөгү илимди пропагандалоо, андагы заманбап өзгөчөлүктөрү, жаштарды илимге тартуу, илимдин жана илимди жайылтуудагы журналистиканын проблемалары талкууланды.

  

“Кутбилим” коомдук-педагогикалык жана илимий-популярдуу гезитинин башкы редактору Кубатбек Асангазиевич Чекиров:

“биз көп жылдардан бери УИАнын жетекчилиги, кызматкерлери менен тыгыз байланышып, иштешип жүрөбүз. Бул кызматташтыкты дагы да жакшы деңгээлге көтөрүшүбүз керек. Академиядагы “Журналист достордун” клубун түзүп, илимий-популярдуу журнал чыгарып, чогулуп иштесек” –  деген сунушун айта кетти.

Ал эми “Билим АКИpress” сайтынын редактору Асель Амангелдиевна Омуракунова  маалыматтарды  жайылтууда социалдык тармактар аркылуу кыскача кылып таркатуу жакшы ийгиликтерге жеткирээрин, мында жаштар тезирээк тартылаарын кошумчалады.

“ЭлТР” телеканалынын “Илим изинде” телеберүүсүнүн редактору Т.К.Матисакова УИА менен үч жылдан бери тыгыз иштешип келе жатканын, мындан нары дагы илимди чагылдыруунун заманбап ыкмаларын пайдалануу керектигин, аны үчүн окумуштуулар дагы кызыкдар экендигин билдирди. 

“КР УИАнын Ардак грамотасы” менен:

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо” маалымат дирекциясынын продюсери Мирбек Асантурович Молдакунов;

 “ЭлТР”  Мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясынын журналисти Токтобүбү Каримовна Матисакова;

  “Кыргыз Туусу” республикалык гезитинин редакторунун орун басары Мырзакат Бешкемпирович Тыналиев;

 “Вечерний Бишкек”  гезитинин журналисти Александр Леонидович Тузов;

  “Слово Кыргызстана” гезитинин редактору Кифаят Балакардашевна Аскерова;

“Билим АКИpress” сайтынын редактору Асель Амангелдиевна Омуракунова;

 “Биринчи Радиосунун” журналисти Назира Кеңешбековна Молдокулова;

 “Кутбилим” коомдук – педагогикалык жана илимий – популярдуу гезитинин башкы редактору Кубатбек Асангазиевич Чекиров;

“Эркин Тоо” гезитинин баш редактору Дыйканбек Качкынбаевич Керимбаев;

 “СТВ” каналынын жетекчиси Калыбек Рысбекович Тайтекеев сыйланды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер