Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков Кыргызстандагы илим жана техника жаатындагы ийгиликке жетишкен окумуштууларга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.
Окумуштуулар «Илим жана техника жаатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам алышты.
КР УИАнын академиги Сабырбек Артисбекович Джумабековго „Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо” иши үчүн Касым Тыныстанов атындагы сыйлык ыйгарылды.
Ошондой эле КР УИАнын мүчө-корреспонденти Мэлс Табалдыевич Артыкбаев “Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык өнүгүүсүнүн актуалдуу проблемалары” иши үчүн сыйланды.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1641