Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

6-декабрда УИАда улуу жазуучу, даанышман ойчул Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Айтматовдун замандаштары: “Мен билген Айтматов” аттуу эскерүү жана “Айтматов окуулары – 2018” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү.


 Иш-чарага КР Президентинин Аппаратынын, КР Жогорку Кеңешинин, КР Өкмөтүнүн Аппаратынан, Министрликтердин, Жазуучулар Союзунун өкүлдөрү, окумуштуулар, адабиятчылар, чыгармачыл инсандар, ЖОЖдордун окутуучулары, коомдук ишмерлер, журналисттер ж.б. катышты.

Өлкөнүн Президенти Сооронбай Жээнбеков Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына куттуктоосунда  улуу жазуучунун дүйнө адабиятына, “Манас” эпосун сактап калууга жана изилдөөгө кошкон зор салымы жөнүндө айтып келип: “Айтматов – өткөн күндүн феномени эмес, улутубуздун келечеги үчүн анын таасири зор бойдон кала берет. Улуу жазуучунун ар бир чыгармасы адамдык дөөлөттөрдү аздектеп сактоого, абийирдүү жашоого, ал үчүн күн сайын күрөшүүгө чакырат.

  

Кыргыз интеллигенциясы, анын ичинде Улуттук илимдер академиясынын жамааты, Айтматовдун идеяларын, анын дүйнө таанымын, жалпы мурасын азыркы жана кийинки муундардын сезимине терең жеткирүү миссиясын аткаруусу зарыл. Айтматовдун чыгармалары ар бир жараныбыздын руханий энциклопедиясы болуп калышы керек. Бул иште адабиятчылардын, сынчылардын, илим адамдарынын, Сиздердин ролуңуздар өзгөчө мааниге ээ” – деген чакырык таштаган.

Салтанаттуу иш-чарага өзүнүн куттуктоолорун КР Жогорку Кеңешинин, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын ж.б. куттуктоолору келип түшкөн.

КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев өзүнүн сөзүндө УИАнын Тил жана адабият институту залкар инсаныбыздын атын алып жүргөндүгүн, быйыл институт дагы 90 жылдык мааракесин өткөргөндүгүн, Чыңгыз Айтматов илимпоздорду терең сыйлагандыгын айтып: “Улуу жазуучубуз УИАнын анык мүчөсү болуп, өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин УИАнын улуттук атрибут катары сакталып калышына зор салым кошуп келгендигин жакшы билебиз. Ошондуктан бул даңктуу датага УИАнын окумуштуулары өтө чоң маани берип, ал бизге айтып кеткен кереездерин аткаруу ыйык милдет экендигин белгилеп кетүүбүз абзел” – деп кошумчалады.

   

Академик, айтматовтаануучу, Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Амантурович Акматалиев иш-чара тууралуу:

Бүгүн улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун замандаштарынын  “Биз билген Айтматов” деген эскерүүсүн уюштуруп жатабыз. Бул жерде Айтматовду тааныган, билген жакын академиктер, корреспондент-мүчөлөр өздөрүнүн алган таасирлерин, пикирлерин билдиришти. Жашоодо Айтматов кандай адам эле, окурмандар жазуучунун чыгармаларынан кандай таасирленди, алардын турмушунда кандай мааниге ээ болду деген суроолорго жооп беришти.

Айтматов 2008-жылы 22-январда академиктер менен жолугушууга келген эле. Мына ошол документалдык тасманын үзүндүсүн көрсөттүк, быйыл Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган 34 китеп чыкты, алардын көргөзмөсүн уюштуруп, бет ачаарын өткөрдүк. Ошондой эле Айтматовдун чыгармасы боюнча “Жаабарс” спектаклинен үзүндү көрсөтүлдү.

Ал эми Конференцияда Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы кинодо, музыкада, театрда, философияда кандай чагылдырылгандыгы жөнүндө докладдар окулат” – деп билдирди.

  


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер