Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Сатар Ильясовдун 110 жылдыгына арналган конференция өттү

13-декабрда КР УИАда “Коллективтештирүү: көчмөндүктөн отурукташууга өтүүнүн ийгиликтери жана кемчиликтери” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.


Илимий конференциянын максаты:  жеке менчик жерлерди жокко чыгарууда агрардык саясаттын негизинде жүргүзүлгөн советтик бийликтин  иш аракетине илимий баа берүү, көчмөн элдерди туруктуу жашоо образына которуу,  кооперативдерди жана колхоздорду  уюштуруу.

Эл аралык илимий-практикалык конференция белгилүү окумуштуу, академик, илимди уюштуруучу Сатар   Ильясовдун  110 жылдыгына арналды.

   

Тарых илимдеринин доктору, профессор Нур Досбол уулу:

–         Сатар Ильясовичтин басымдуу эмгектерине 20-30-жылдардагы коллективдештирүүгө, көчмөн элдердин отурукташуусуна тийиштүү изилдөөлөрү кирет. Тарых институтунун алгачкы жетекчиси катары археологияга да, этнографияга да көңүл бурган. Биз тарых илимин түзгөн залкар адамдарды эскере жүрүшүбүз керек – деген оюн айтты. 

Ал эми Эл аралык Кувейт университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору Асан Ормушев Сатар Ильясовго арналган Эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөргөндүгү үчүн УИАга ыраазычылык билдирип, анын тарых илимине сиңирген эмгеги зор экендигин баса белгилеп кетти.

–         Сатар Ильясов Тарых институтунун алгачкы директору болгон, анын мурасын бүгүнкү күнү изилдөө, жаштар анын жасаган эмгегин унутпашы үчүн аракеттер жасалышы керек. Бүгүнкү конференциянын резолюциясында бул каралат болушу керек деп ойлойм – деди.

Тарых жана маданий мурас институтунун директору, корреспондент-мүчө Абылабек Асанканов Сатар Ильясовдун эмгегинин өзгөчөлүгү жөнүндө:

–         Сатар Ильясович агрардык маселесин 19-кылымдан баштап изилдеген окумуштуу. Ал ошондой эле социализмди Кыргызстанда  куруунун алгачкы жылдарындагы жер маселесине тийиштүү артыкчылыктар менен катар кемчиликтерге, Россия империясынын жерди эле эмес, элдин малын, тоогуна чейин басып, жада калса өзүн Сибирге айдаганга чейин баргандыгын жазган. КирФАН уюшулганда экинчи директору болгон. Жаш кадрларды тарбиялоодо мугалим болду. Тарыхчылардын жоон тобун тарбиялады.     

Тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова:

–         Бул иш-чаранын мааниси кыргыз тарыхы үчүн орду чоң. Себеби Октябрь революциясынын жеңишинен кийин коллективдештирүү саясаты жүргөн. Бул саясаттын жүргүзүлүшү кыргыз элинин экономикалык, саясий, маданий өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизген көрүнүш катары бааласак болот. Бирок, ошол эле маалда ал саясаттын аша чаап кеткендигинен кыргыз элине трагедия дагы алып келген. Эстесек, коллективдештирүү үчүн колунда барлардын мал-мүлкүн ортого алып, өзүлөрүн сүргүнгө Россияга айдаган эмеспи. Сатар Ильясовдун изилдөөлөрү – бай мурас, бирок советтик идеологиянын таасирин эсепке алуу менен ал материалдарды комментарийлери менен басып чыгарып, пайдалансак дагы көп илими эмгектерге булак болуп берет дээр элем – деди.

Илимий жыйынга дипломатиялык миссиялардын жетекчилери, окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, коомдук ишмерлер, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн аспиранттары  катышты.

 

Иш-чара КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институту, Эл аралык Кувейт университети, Ж.Баласагын атындагы Улуттук университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана КРнын Президенттик аппаратына караштуу “Мурас” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер