КР УИАнын Философия институтунун социология жана укук бөлүмүнүн башчысы, юридика илимдеринин доктору Алмаз Асылбекович Токтогулов түрк тилдүү мамлекеттердин “Билим бул – сен” социалдык, гуманитардык илим аттуу 2-Эл аралык Конгрессине катышып келди.
Аталган конференция 7-8-декабрда, Турциянын Кемер шаарында өткөн.
Ошондой эле Конгресске Россия, Казакстан, Өзбекстан, Татарстан, Кыргызстан жана башка мамлекеттер катышып, ар түрдүү маселелер тууралуу 400дөн ашык докладдар окулду.
Алмаз Асылбекович Токтогулов “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн конституциялык-укуктук абалы” (Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин негизги багыттарынын андан ары өнүгүүсү) деген темада доклад окуду.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1829