Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси дүйнөлүк масштабда эң жогорку деңгээлде өттү жана өтүп жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков өзү алдыңкы сапта туруп дүйнөлүк жазуучуну пропагандалап келди. Башкы мекемелер жана уюмдар менен бирге Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери улуу жазуучу жөнүндө 34 китепти даярдоо менен бирге эл аралык конференцияларга активдүү катышышты. Алсак, академик А. Акматалиев (Турция, Өзбекстан, Казакстан), А. Кадырманбетова (Кытай, Казакстан), Н. Ыйсаева (Кытай, Азербайджан), Р. Сырдыбаева (Россия, Түркменистан) ж.б. Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча илимий докладдарды жасашып, китеп жана сүрөт, видео көргөзмөлөрүн уюштурушту.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2557