Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн көрүнүктүү кызматкери, экономика илимдеринин доктору, профессор Купуев Пирмат Купуевич узакка созулган оорудан улам 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Купуев Пирмат Купуевич 1942-жылы Ош областынын Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган.
Москвадагы “Станкин” технологиялык университетин 1966-жылы аяктаган.
1966-жылдын февраль айынан тартып Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы машина куруу заводунда инженер-технолог, улук инженер-технолог, экспорттук аймактын мастери кызматтарында эмгектенген.
1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Экономика, эл чарбасынын тармактарын пландаштыруу жана уюштуруу» адистигинин «Өнөр жайдын экономикасы» кафедрасынын аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүнө тапшырган. 1972-жылы аспирантураны ийгиликтүү аяктап, “Эл чарбасын пландаштыруу” кафедрасында окутуучу болуп иштей баштаган.
1972 – 1990-жылдары ушул эле кафедрада окутуучу, улук окутуучу, доцент жана кафедра башчысы болуп эмгектенген.
1973 – 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинде декандын орун басары жана декандык милдетти аркалаган.
1989 – 1990-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы экономикалык жана юридикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин деканы кызматында иштеген.
1989-жылы СССРдин Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан профессор наамы ыйгарылган. 1990-жылы “СССРдин жогорку билим берүүсүнүн отличниги” наамы менен сыйланган.
1991 – 1993-жылдары Ош жогорку технологиялык колледжинин ректору (азыркы ОшТУ) болуп эмгектенген.
1993-жылы Ош областтык мамлекеттик администрациясында экономикалык маселелер боюнча башкы кенешчи кызматында иштеген.
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги, анык мүчөсү. 1994-жылдын февраль айынан 1999-жылдын май айына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүктөгү бириккен илимдер институтунун директору.
1997-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.
1999 – 2002-жылдары Ош мамлекеттик университетинин укук жана экономика институтунун директору. 2002-2005-жылдары ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин деканы. 2005-2008-жылдары ОшМУда экономика боюнча проректор, 2008-2009-жылдары ОшМУнун финансы-экономикалык факультетинин деканы, 2009-жылдан ОшМУнун финансы жана кредит кафедрасынын профессору катары жаштарга татыктуу билим берип, илимге кызыккан жаштарга жол көрсөтүп, устаттык кылып келген.
2011-жылы ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы ыйгарылган.
Пирмат Купуевдин 150дөн ашык илимий макалалары, эмгектери, 10 монографиясы жарык көргөн. Ошондой эле 4 экономика илиминин докторлорун, 15 экономика илиминин кандидаттарына жетекчилик кылып, илимий диссертацияларын жактаткан.
Купуев Пирмат Купуевич Доктордук диссертацияларды коргоо боюнча Диссертациялык Кенештин мүчөсү жана Кандидаттык диссертация жактоо боюнча атайын адистештирилген Диссертациялык Кеңештин көп жылдар бою төрагасы болуп эмгектенип келген. Бул ишин өмүрүнүн акырына чейин аткарган.
20 жылдан ашуун убакыт аралыгында Ош мамлекеттик университетинде үзүрлүү эмгектенген Купуев Пирмат агайдын экономика предмети боюнча окуган лекциялары окуткан студенттери тарабынан дайыма жогору бааланып келген.
Пирмат Купуевич, Кыргызстандын жогорку билим берүүсүнүн өнүгүүсүнө, экономикалык илимдин кенен кулач жайышына өмүрүн арнады.
Купуев Пирмат Купуевич аң-сезимдүү жашоосунда таза, ак көңүл, жардам сураган адамдарга кеңешин айткан, устат катары үлгүлүү жана өрнөктүү жашады. Өзүнүн илимий мектебин түздү. Азыркы Ош технологиялык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин өнүгүшүнө, Түштүк илимдер академиясынын калыптанышына эбегейсиз салымын кошту.
Окумуштуу Пирмат Купуевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу КР УИАнын президиуму үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөт.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2622