Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошев мыкты илимий иши үчүн сыйлык алды

17-январда КР УИАнын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, этнография жана археология институтунун Кыргызстандын байыркы мезгилден XIX кылымдын соңуна чейинки тарыхы бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошев Бишкек баатырдын тарыхын изилдөө боюнча мыкты илимий иши үчүн коомдук ишмер Темир Сариевдин өздүк каражатынан 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алды.


Бул сунуш коомдук ишмер Т.А.Сариевдин демилгеси менен, анын өздүк каражатынан, Кыргызстандагы тарых илиминин өнүгүүсүнө салым кошуу максатында, КР УИАнын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, этнография жана археология институтунун кызматкерлери тарабынан аткарылган ийгиликтүү илимий иштерге, жарык көргөн илимий эмгектерге, кол жазмаларга, тарыхый, археологиялык жана этнологиялык экспедицияларга 2018-ж. баштап 2022-ж. чейин (5 жыл) жылына бир жолу 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берүү сунушталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Темир Сариев: “Кыргызда жакшы сөз бар, “кечээгинин тарыхын билбеген, эртеңкинин багытын билбейт”. Ошон үчүн биз өз тарыхыбызга өзгөчө басым жасашыбыз керек. Улуу кыргыз элинин тарыхын, мурасын изилдеп чыгуу – бүгүнкү күндүн талабы. Тарыхый тактык бул баарыбыз үчүн маанилүү” – деп билдирди.

                              

Сыйлык институттун кызматкерлери тарабынан бир жылдын ичинде аткарылган мыкты илимий иштерге жылына бир жолу ыйгарылып турат. Ошондой эле сыйлык жарык көргөн илимий китепке (гонорар), мыкты кол жазмага (басма каражаты), маанилүү илимий экспедицияга жана илимий конференцияны уюштурууга берилет. Сыйлыкка талапкер болууга Институттун ар бир илимий кызматкери катышууга укуктуу.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер