22-январда КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Сергеевич Страчко менен жолугушту.
Жолугушууда илим тармагындагы жетишкендиктер, жаш илимпоздордун тажрыйбаларын өркүндөтүү жана аларды колдоо мүмкүнчүлүктөрү, кадрларды алмашуу, илимий изилдөөлөрдүн абалы жана келечеги тууралуу талкуулашты.
Ошондой эле Беларусь Улуттук илимдер академиясы менен КР УИАнын ортосундагы биргелешкен кызматташуу келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Жолугушууда А.С. Страчко Беларусь Улуттук илимдер академиясынын атынан академик М.С. Джуматаевге “Илимдер академияларынын Эл аралык кызматташтыгы. 25 жыл” деген китебин тапшырды. Китеп Илимдер академияларынын Эл аралык ассоциациясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык юбилейине арналып чыгарылган.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1758