Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“МАНАС” ҮЧИЛТИГИНИН ВАРИАНТТАРЫ ЖАНА “САЯКБАЙ”, “САГЫНБАЙ” ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛАРЫ, “КЛАССИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ЖАНА ТЕКСТТЕР СЕРИЯСЫ” КИТЕПТЕРИ ЖАРЫК КӨРДҮ

2019-жылдын 5-февралында КР УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Кол жазмалар фондунан алынган, буга чейин жарыялана элек “Манас” трилогиясынын варианттары, “Манас”, “Сагымбай”, “Саякбай” энциклопедиялары жана “Классикалык изилдөөлөр жана тексттер сериясынын” бет ачары болуп өттү.


Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалып, китептер академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясынын астында жарык көргөн. 20дан ашуун манасчылардын варианттары жана Актан Рысмендеев, Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Шапак Рысмендеев, Самар Мусаев менен Зияш Бектеновдун кара сөз түрүндөгү “Манас” эпосу , “Манас” энциклопедиясынын 2 томдугу, “Классикалык изилдөөлөр жана тексттер сериясы” боюнча “Манас” эпосуна арналган изилдөөлөр жарыкка чыкты.

 

Китеп көргөзмөдө түзүүчүлөр тарабынан Кол жазмалар фондунда сакталган манасчылардын кол жазмаларынын түп нускалары боюнча маалыматар берилди. КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев:

“Жарык көргөн китептер түшүнүктүү жана жеткиликтүү тилде жазылганы, изилдөөнүн басымдуу бөлүгүн жаш илимпоздор түзгөндүгү мени кубандырды. Аталган эмгектер ЖОЖдордо, мектептерде, илимий изилдөөлөрдө негизги булак болуп берет деген ишеничтемин” – деп уюштуруучулардын мындан аркы илимий изилдөөлөрүнө ийгилик каалады.

Китеп көргөзмөнүн соңунда, келген коноктор тарабынан сунуштар жана каалоо-тилектер айтылды.

 

“Манас” трилогиясынын варианттары жана “Классикалык изилдөөлөр жана тексттер” сериясы боюнча жаңы чыккан китептердин тизмеси:

1. Сагымбай Орозбаковдун “Манас” эпосу 4 том

2. Саякбай Каралаевдин “Сейтек” эпосу 2 том

3. Ыбырайым Абдрахмановдун “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору 2 том

4. Шапак Рысмендеев “Манас”, “Семетей” эпостору 2 том

5. Актан Тыныбеков “Манас”, “Семетей” эпостору 1 том

6. Жакшылык Сарыков“Семетей”, “Сейтек” 1 том.

7. Алмабек Тойчубеков “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору 2 том

8. Мамбеталы Ашымбаев “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору 1 том

9. Жаңыбай Кожеков “Манас”, “Семетей” 3 том

10. Чокон Валиханов, Иса Жумабеков “Семетей” эпосу 1 том

11. Дуңкана Кочукеев “Манас”, “Семетей” эпостору 1 том

12. Кааба Атабеков “Манас” эпосу 1 том

13. Самар Мусаев “Манас” кара сөз түрүндө 1 том

14. Мамбеталиев Уркаш “Манас”, “Семетей” эпостору 1 том

15. Зияш Бектенов “Манас” кара сөз түрүндө 1 том

16. Тоголок Молдо “Семетей”, “Сейтек” эпостору 2 том

17. Акмат Рысмендеев “Манас”, “Семетей” эпостору 1 том

18. Мамбет Чокморов “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору 3 том

19. Багыш Сазанов “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору 3 том

20. Молдобасан Мусулманкулов “Манас” эпосу 1 том

21. Манас энциклопедиясы 2 том

22. “Манас” үчилтиги боюнча изилдөөлөр 1-том

23. “Манас” (тарых, генезис, типология) 2-том

24. “Саякбай” энциклопедиясы

25. “Сагымбай” энциклопедиясы


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер