Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Илимий эмгектердин жана китептердин бет ачары өттү

2019-жылдын 13-февралында КР УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту (ТАИ) Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү мамлекеттик программасынын алкагында 2015-2019-жылдар мезгилинде басылып чыккан китептер менен илимий эмгектердин бет ачарын өткөрдү.


Презентацияга КР Президентинин Аппаратынын, КР Жогорку Кеңешинин, КР Өкмөт Аппаратынын, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, окумуштуулар, тилчилер, ЖОЖ окутуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ТАИ эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулуп, катышуучулар лексикография, кыргыз тилинин тарыхы, грамматикасы боюнча басылмалар серияларын биринчи ирет көрө алышты.

  

2015-2019-жылдар мезгилинин ичинде ТАИ тарабынан 44 китеп чыгарылган. Алардын ичинде кыргыз тилинин фонетикасы, грамматикасы, синтаксиси, лексикологиясы, диалектологиясы боюнча эмгектер бар. Өзгөчө кызыгууну “Совет мезгилиндеги кыргыз тилчилеринин классикалык эмгектери” сериясы туудурат. Бул эмгектер кыргыз тилин илимий негизде сыпаттап жазуунун башатын салган. Грамматика китептери менен окуу китептери окурмандарга жеткиликтүү болбой, республика китепканаларынан табылбай, аларды сактоо шарттарынын начардыгынан улам эскирип, жыртылып бүткөндүгү бул китептерди сейректикке айландырып, алардын кайрадан чыгаралышы учурдун талабына, окурмандар чөйрөсүндөгү суроо-талапка шайкеш келди.

ТАИ кыргыз тилинин грамматикасынын ар кандай тармактары боюнча иш алпарып, тил диахрондук жана синхрондук планда сыпатталып, бир тилдүү жана эки тилдүү сөздүктөр, алардын ичинде түшүндүрмө, синонимдер, омонимдер, антонимдер сөздүктөрү түзүлүп, башка да изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

  

Көргөзмөдөн окурмандар кыргыз тилинин байыркы жана орто кылымдардагы тарыхына арналган эмгектер, Махмуд Кашгаринин сөздүгүнүн жана Жусуп Баласагындын дидактикалык дастанынын котормолору менен таанышышты.

“Тилдеги улуттук идеология” боюнча даярдалган эмгектер сериясын өзгөчө белгилей кетүү керек. Аларга Б.М. Юнусалиев, Б.О. Орузбаева, К,Д. Дыйканов, С.А. Давлетов сыяктуу окумуштуулардын кыргыз тилинин өнүгүүсүнө арналган макалалары менен сүйлөгөн сөздөрү кирген.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер