Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАДА ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШТУН ЖЫЛДЫК СЕССИЯСЫ ӨТТҮ

2019-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) Жалпы чогулушунун жылдык сессиясы болуп өттү.


Иш-чарада КР УИАнын 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчёт, алдыдагы милдеттер жөнүндө КР УИАнын Президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев билдирүү жасады. Анда өлкөнүн Президенти С. Ш. Жээнбеков жарыялаган “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында жана кабыл алынган илим чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды , атап айтканда, Илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясын, Концепцияны ишке ашыруунун кадамдык планын, “Илим жана мамлекеттик илимий-техника саясаттын негиздери жөнүндөгү” жаңы Мыйзамын, “КР УИА жөнүндөгү” өзгөртүлүп, толукталган Мыйзамын, КР УИА жаңы Уставын кабыл алынгандыгын айтып, ошол актыларга ылайык бир катар иштер жүргүзүлгөндүгүн айтып өттү.

  

Академиянын Президенти ошондой эле мамлекет үчүн актуалдуу, заманбап маселелерди чечүүгө багыт алдыруунун алкагында КР УИА өз алдына төмөнкүдөй артыкчылыктуу төмөнкүдөй милдеттер коюлгандыгын белгилеп кетти:

  1. Долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында, мамлекет, бизнес жана илимди конструктивдүү жол менен бир пикирге келтирип, илимий изилдөөлөрдүн талап кылынуу маселесин чечүү аркылуу илимдин мыйзамдык-укуктук базасын өркүндөтүүнү улантуу;
  2. Аймактык-тармактык инфратүзүмдөрдүн инновациялык ишмердигин системалык түрдө бириктирүү максатында аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгуу;
  3. Илимий мекемелердин түзүмүн оптималдаштырууну улантуу;
  4. Илим-изилдөө мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн жабдууларды жаңыртуу ишин жандандыруу;
  5. ЕЭБ (ЕЭС), ШКУ (ШОС) өлкөлөрүнүн, КМШ, АНСО, МААН, МИНТЦ, ААSSА түзүмдөрүнө катышкан мамлекеттердин илимий мейкиндигинин илимий-техникалык жана экономикалык кызматташуусунун интеграциялык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдаланып, илимпоздордун эл аралык ишмердигин жана эл аралык интеграцияны өркүндөтүүдө өзгөчө орунду академиялык институттар ээлеши керек;
  6. Ишмердикти каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын тартуу, гранттар менен фонддордун каражаттарын топтоо жана колдонуу иш-аракеттерин активдештирүү:
  7. КР УИА мүчөлөрүнүн (академиктер менен корреспондент-мүчөлөрдүн) квотасы менен бош орундардын санын аныктап, КР УИАнын жаңы мүчөлөрүн шайлоону өткөрүү, илимге жаңы кадрларды тартуу үчүн, жогорку дасыктуу илимий кадрларга кеңири жол ачып, УИА мүчөлөрүн тандоо системасы аркылуу илим системасын ийгиликтүү башкаруу маселесин чечүү.

  

Президент илим жаатында кабыл алынган мыйзамдар менен ченемдик актылар бир топ илимий ишмердиктин артыкчылыгын жогорулатууга мүмкүндүк берген бир катар уюштуруучулук маселелер чечилгендигин баса белгиледи: “Өкмөт менен жүргүзүлгөн ырааттуу жана үзүрдүү өз ара кызматташуунун натыйжалары боюнча КР УИА академия кызматкерлеринин эмгек акыларын 50%га көтөрүү маселесин чече алды ” – деди  УИАнын президенти М.С. Джуматаев.  

КР Өкмөтүнүн өкүлү, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Урматовна Саралаева илимдин учурдагы абалы, көйгөйлөрү, каржы маселелери тууралуу айтып:

“УИА Ата Мекендик илимдин негизги бөлүгүн түзөт. Ушуга байланыштуу КР Өкмөтү илим чөйрөсүндө эмгектенген кызматкерлерге ар дайым көңүл буруп келет. Алсак, КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-мартындагы 122-Токтому менен “Илимий ишти өнүктүрүү, кадыр-баркын жогорулатуу, илимий жана педагогикалык кадрларга колдоо көрсөтүүгө шарттарды түзүү максатында илимдин кандидаты жана илимдин доктору илимий даражасы үчүн ай сайын кошулуучу үстөк акы эки эсеге көбөйтүлгөндүгүн”, – белгилеп өттү.

Жалпы чогулуштун жылдык сессиясына КР УИАнын окумуштуулары жана кызматкерлери, ЖОЖдордун ректорлору жана окутуучулары, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Ж.У.Саралаева, КР Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери бөлүмүнүн, тарых жана маданият маселелери боюнча эксперти Ш. А. Тюмонбаев,  КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты К. Жумалиевдер катышты.

  

Жалпы чогулуштун жүрүшүндө иш алып барган комиссия жылдык сессиянын токтомун кабыл алды. Жыйындын соңунда окулган докладдар талкууга алынды.

Ошондой эле өткөн жылда ийгиликке жетишкен окумуштууларга илимди өркүндөтүүдө жана жайылтууда кошкон олуттуу салымдары үчүн И.К. Ахунбаев атындагы Академиялык сыйлыгы:

– КР УИАнын академиги, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неонатология курсу менен бирге педиатрия кафедрасынын башчысы Кудаяров Дуйша Кудаяровичке;

– КР УИАнын академиги, КР УИАнын Химия жана фитотехнологиялар институтунун лаборатория башчысы Жоробекова Шарипага “Гумин заттарынын негизинде алынган функционалдык материалдар: синтездөө, курамын, түзүлүшүн, реакциялык жөндөмдүүлүгүн изилдөө; практикада колдонуу” аттуу эмгектеринин топтому;

– КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, КР УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун директору Кожогулов Камчибек Чонмуруновичке; техник илимдеринин доктору, КР УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун башкы илимий кызматкери Никольская Ольга Викторовнага “Геомеханика” аттуу окуу китеби;

– медицина илимдеринин кандидаты, Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун жетектөөчү илимий кызматкери Фуртикова Алла Борисовнага; медицина илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин педиатрия кафедрасынын доценти Турдубаев Курсанбек Ташболотовичке “Педиатриянын ар түрдүү аспекттери боюнча монографиялардын топтому” үчүн ыйгарылды.

 

 

 

 

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер