27-февралда КР УИАда КР Президентинин Аппараты тарабынан уюштурулган«Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» аттуу республикалык конференция өттү.
Конференцияда региондорду өнүктүрүүнүн башкаруу механизмдери жана технологиялары, региондордогу комплекстүү интеграцияланган туруктуу өнүктүрүүнү башкаруу, бюджеттер аралык мамилелердин абалы жана келечеги жана алардын региондорду өнүктүрүүдөгү таасири тууралуу сөз болду.
Иш-чарада КРнын экономика министринин орун басары А.Ш. Алыбаев, КРдеги БУУ Өнүктүрүү Программасынын туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Алиона Никулита, “Бир айыл-бир продукт” Ысык-Көл моделин өлкөнүн башка региондоруна жайылтуу боюнча JICA долбоорунун башкы кеңешчиси Огава Масазуми сөз сүйлөштү.
Ошондой эле иш-чарага бизнес-коомчулуктун, шаардык, айылдык кеңештердин, айыл өкмөттөрүнүн, шаарлардын өкүлдөрү жана жетекчилери мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана ишкерлер катышты.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 2921