Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Аскаров Теңдик Аскарович каза болду

Кыргыз илими орду толгус оор жоготууга учурады. 2019-жылдын 4-мартында көрүнүктүү окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, профессор Аскаров Теңдик Аскарович узакка созулган оорудан кийин, 82 жашында дүйнө салды.


Аскаров Т.А. 1937-жылдын 18 –декабрында Жалал-Абад областына караштуу, Токтогул районунун Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1960). Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасында окуп (1960-1963), анан. Философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, окумуштуу катчы (1963-1967), кийин – «Кыргызстан маданияты» жумалык гезитинин башкы редакторунун орун басары, Кыргызстан компартиясынын БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы (1967-1971), Кыргызстан жазуучулар Союзунун төрагасы (1971-1986), Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы (1980-1985), 1986-жылдан тарта КР УИАнын азыркы философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунда сектор башчысы, окумуштуу катчы, социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы сыяктуу кызматтарда үзүрлүү эмгектенди.

1964-жылы кандидаттык, 1993-жылы докторлук диссертацияларын жактаган, ал эми 2000-жылы КР УИАнын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган.

Социалдык философия жана эстетика боюнча ири адис катары Т.Аскаров философиялык маселелерге, көркөм маданиятка диалектиканын мыйзамдары менен категориялары аркылуу терең ой жүгүртүп, илимий, көркөм процесстин көрүнүштөрүнө анализ жүргүзүүнүн салттуу эмес жолдорун издөөгө далалат кылган.

Анын илимий эмгектерине жандуу чыгармачылык процессти жакшы билүүчүлүк жана теоретикалык ойломдун жогорку деңгээли, теоретикалык ой жүгүртүүлөр менен жалпылоолордун ар тараптуулугу менен кеңдиги таандык. Терең эрудиция менен үзүрлүү илимий дараметке ээ болуу нукура илимге болгон жакындыкты, теоретикалык анализдерге болгон тартылууну так көрсөтүп, идеялык-саясий маданиятка ээ болгон. 400 дөн ашуун жарык көргөн илимий, илимий-публицистикалык эмгектердин, анын ичинде 16 монографиянын, 1 окуу куралынын, 4 макалалар жыйнагынын, 9 брошюранын автору.

Философия илимине кошкон өзгөчө салымы катары анын төмөнкү илимий эмгектери эсептелет: «Эстетическая природа художественной условности». Фрунзе, 1966; «Философский анализ литературного процесса». Алматы, 1993; «Образдуу ой жүгүртүүнүн чексиздиги». Бишкек, 2000; «Поиски вечного абсолюта». Бишкек, 2010 ж.б.

Анын жетекчилиги алдында бир нече докторлук жана кандидаттык диссертациялар жакталган.

Т.А.Аскаровдун илимдин өнүгүүсүнө кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал «Элдердин достугу», «Ардак Белги» ордендери, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы, «Даңк» медалы менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамына ээ болгон.

Т.А.Аскаровдун жаркын элеси республиканын илимий жана чыгармачыл коомчулугунун эсинде түбөлүк сакталат.

Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Джуматаев Мурат Садырбекович

Тогусаков ОсмонАсанкулович

Дженбаев Бекмамат Мурзакматович

Акматалиев Абдылдажан Амантурович

Кутанов Аскар Асанбекович

Ашимов Исабек Ашимович

Мамакеев Мамбет Мамакеевич

Мамытов Миталип Мамытович

Садыков Тургунбай Садыкович

Койчуев Турар Койчуевич

Жоробекова Шарипа Жоробековна

Эркебаев Абдыганы Эркебаевич

Жайнаков Аманбек Жайнакович

Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович

Борубаев Алтай Асылканович

Саралаев Нур Керимкулович


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер