Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Кытайда

КР УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев 8-марттан 16-мартка чейин Кытай Эл Республикасынын Хейнан университетинин жана Бүткүл Кытай достук ассоциясынын чакыруусу менен илимий-практикалык конференцияга катышып, окутуучулар, студенттер жана окурмандар менен жолугушуп, доклад окуп келди.


Кытай Эл Республикасында Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармалары кытай тилинде которулган жана ар бир жылы көптөгөн нускалар менен басылып турат. Анын чыгармалары жогорку окуу жайларынын программаларына кирген. Академик А.Акматалиевдин жетекчилиги менен изилдөөчү Пен Мей «Айтматовдун чыгармачылыгы Кытайда» деген кандидаттык диссертацияны 1998-жылы жактаган.

“Андан бери жыйырма жылдай убакыт өтүп кетиптир. Бул аралыкта Ч.Айтматовдун чыгармалары «Кассандра тамгасы», «Тоолор кулаганда» романдары кытай тилине которулуп, кызыгуу менен окулуп жатыптыр. Ал эми «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Ак кеме», «Гүлсарат» чыгармалары да ар кайсы басмаларда басылып, чыгып туруптур. Ошону менен бирге кытай жеринде жашаган кыргыз, казак, уйгур окурмандары да өз арибинде жазуучунун чыгармаларын окуп жатышыптыр. Кытай изилдөөчүлөрү менен биздин институттун байланышы жакшы, «Айтматов окуулары» эл аралык конференцияга келип докладдарды окуп турушат, мындар ары да тыгыз байланыш түзүү жөнүндө келиштик» – дейт А. Акматалиев.  

  


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер