Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
СЕЙРЕК КЕЗДЕШҮҮЧҮ БАСЫЛМАЛАР САНАРИПТЕШТИРИЛДИ

2019-жылдын 27-мартында КР УИАнын Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана «Кыргыз фольклор коому» коомдук фонду «Кол жазмалар фондунун материалдарын санариптештирүү жана manuscript.lib.kgсайтына жайгаштыруу» аттуу долбоордун бет ачаары болуп өттү.


«Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылган долбоордун негизги максаттарынын бири – Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондунун мурасын иликтөөчүлөргө жана кеңири аудиторияга тааныштыруу жана ачык-айкын жеткизүү. Сейрек кездешүүчү мурастардын санариптештирүлүүсү менен бирге коомчулукка жеткиликтүү заманбап форматта сунушталуусу кыргыз фольклорун жана жалпы материалдык эмес улуттук баалуулуктарын сактап калууга зор салымын кошот.

Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Ачык билим берүү ресурстарын өнүктүрүү» маалымат программасынын алкагында Кол жазмалар фондундагы эски басылмалар санариптештирилген. Буга чейин 860 аталыштан турган бул маданий мурас фарс, араб жана чагатай тилдеринде сакталып келген. Аталган долбоордун негизинде бардык материалдар аннотациялар менен коштолуп, manuscript.lib.kg интернет-сайтына ачык түрдө жайгаштырылды. Манускрипттердин көбү диний мүнөзгө ээ болгон китептер. Ошол эле учурда бул бөлүмдө маданий жана тарыхый мааниси абдан чоң болгон кол жазмалар да арбын. Мисалы, чыгыш жазма акындарынын ыр жыйнактары, К.Тыныстановдун 1925-жылга таандык «Ыр жыйнагы», кыргыздардын генеалогиясы боюнча материалдар, «Манас» эпосунан үзүндүлөр ж.б. Мындан ары 860 даана баа жеткис кол жазмалардан турган мурас менен ар бир жаран интернет аркылуу тааныша алат.

   

Андан сырткары долбоордун алкагында 218 аталыштан турган аудио-жазылмаларды камтыган эски магниттик ленталарды санариптештирүү ишке ашкан. Сейрек кездешүүчү материалдарда XX кылымдын 50-80-жылдары магниттик плёнкаларга жазылып алынган уникалдуу үндөр бар. Алар «Манас» эпосунун айтуучулары Саякбай Каралаев, Дункана Кочукеев, Каба Атабеков, Мамбет Чокморов, Сейдене Молдокеева, Иса Жумабековго таандык. Санариптештирилген үн жазылмалардын арасында «кичи эпостор» «Курманбек», «Саринжи Бөкөй», элдик ырлар жана жомоктор, салттуу лирикалык жанрлар – ыр, кошок, санаттар, тарыхый инсандар жана окуялар тууралуу эскермелер камтылган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер