Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“ III БӨРҮБАЕВДИК ОКУУЛАР ” ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

КР УИАнын математика Институту 2019-жылдын 24-майында традициялык “Бөрүбаевдик окуулар” аталышындагы тематикалык конференцияны үчүнчү ирет өткөрдү. Мурунку эки конференция   2016-2018-жылдары өткөрүлгөн.


Конференция математика Институтунун 35 жылдыгына арналды. Иш-чарага Казахстан, Россия, ошондой эле Кыргызстандын бир катар илим-изилдөө мекемелеринин жана ЖОЖдорунун окумуштуулары катышты.

  

Аталган конференция топологиянын, геометрия жана логиканын диффренциалдык теңдемелердин, интегралдык теңдемелер жана тескери маселелердин, математикалык экономика жана математиканы окутуу методикасынын актуалдуу маселелерине арналды. Конференциянын максаты – жогоруда аталган илимий областтардын акыркы жетишкендиктери менен тааныштыруу жана алардын актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоо. Бул илимий ишкердиктин багыттарын туура тандоого, макалаларды   жарыялоону активдештирүүнү жогорулатууга, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн окумуштуулары менен байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Конференция КР УИАнын Президенти, академик Джуматаев Мурат Садырбекович, Ж.Баласагын атындагы КУУнин окуу иштери боюнча проректору, физико-математикалык илимдердин доктору Темиров Бекжан Кайыпбекович, И. Жансугуров атындагы Жетисуу мамлекеттик университетинин профессору, физико-математикалык илимдердин доктору Нургабыл Дюсебек Нургабылович, КР УИАнын физика Институтунун башкы илимий кызматкери, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Р.О. Оморов Роман Оморовичтин куттуктоо сөзү менен башталды.

  

Андан сырткары, ф.-м.и.д., КР УИАнын академиги А.А.Бөрүбаев, ф.-м.и.д., КР УИАнын мүчө-корреспонденти П.С.Панков, ф.-м.и.д., КР УИАнын мүчө-корресподенти К.Алымкулов пленардык докладдарын окушту.

Илимий иш-чарада:

1) топология, геометрия жана логика;

2) дифференциалдык теңдемелер;

3) интегралдык теңдемелер жана тескери маселелер;

4) математикалык экономика;

5) математиканы окутуу методикасы секциялары иш алып барды. Бул секциялардын аталыштары, КР УИАнын Математика Институтунун илим-изилдөө иштеринин негизги багыттары менен дал келет.

Эске сала кетсек, аталган институтта илим-изилдөө иштери төмөнкү төрт багыт боюнча жүргүзүлөт:

-Топологиялык методдорду өнүктүрүү,

-Асимптотикалык методдорду өнүктүрүү,

-Аналитикалык методдорду өнүктүрүү,

-Экономикалык маселелердин оптимизациялык теориясында математикалык методдорду өнүктүрүү.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер