Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Мурат Жуматаев “Жэньминь жибао” гезитине маек берди

2019-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Кытайдын “Жэньминь Жибао (Күндө чыгуучу элдик гезит)” гезитине интервью берди. М.С. Джуматаев менен аталган гезитте эмгектенген журналист Сиао Синьсинь маек курду.

Сиао Синьсинь өлкөбүздө өткөзүлүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын чагылдыруу үчүн Кытайдан келген журналисттердин бири. Ал аталган иш-чарадан сырткары ар кайсы тармактагы Кыргыз – Кытай мамилелери тууралуу маалыматтарды чагылдырып жатканын билдирди. Ошонун катарында илимий кызматташтык тууралуу чагылдырууга басым жасап жаткандыгы бизди кубандырды.

КР УИАнын президенти менен болгон маектин басымдуу бөлүгүн КР УИАсы менен Кытай илимдер академиясынын ортосунда түзүлгөн эл аралык илимий келишимдердин негизинде иш алып баруу процесси, илимпоздор арасында тажрыйба алмашуу маселелери, КР УИАнын академик
М. М. Адышев атындагы Геология институтунун курамында иштеп жаткан Борбордук Азиянын экологиясын жана айлана-чөйрөсүн изилдөө боюнча
Кырыгыз – Кытай эл аралык илмий борборунун иш алып баруусу жана мындан кийинки илимий байланыштар тууралуу масалыматтар түздү.

Андан сырткары, маектин жүрүшүндө М.С.Джуматаев ШКУнун алкагында да кол коюлган келишимдердин илимге тийгизген таасири, 2019-жылы 10-майдан 18-майга чейин Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында 3 ири илмий иш чарага катышып келгендиги, Азиядагы 44 өлкөнүн илимий мекемелерин башын бириктирип турган ANSO эл аралык илимий уюму, Кытай Эл Республикасынын Президенти Си Цзиньпиндин демилгеси менен уюштурулган “Азия цивилизацияларынын Диалогу” жана “Бир алкак – бир жол” долбоору ж.б. кызыктуу темалардын тегерегинде маек куруп берди.

Маектин соңунда КР УИАнын президенти “Жэньминь Жибао” гезитинин жалпы жамаатына жана Сиао Синьсиньге илимди пропагандалоого кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады. Эске сала кетчү нерсе, “Жэньминь Жибао” – Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин күндө чыгып турган расмий гезити. Бул гезит кытай, орус, англис, япон, француз, испан, араб, монгол, тибет, уйгур, казак, корей жана чжуан тилдеринде жарык көрөт. Ал дүйнөдөгү жана Кытайдагы таасирдүү гезиттердин бири болуп саналат. Анда миңден ашуун журналист дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы бөлүмдөрүндө эмгектенишет. Гезит орточо эсеп менен 2 млн. 800 миң нускада чыгат. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп түрат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер