Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Айтматовдун чыгармалары соттордун аткаруусунда

2019-жылдын 14-июнунда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында дүйнөлүк жазуучу, академик Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек шаарынын Биринчи Май жана Октябрь райондук соттору тарабынан жана академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен уюштурулган.

Көрүүчүлөргө жазуучунун эки чыгармасы боюнча “Саманчынын жолу” жана “Гүлсарат” повесттеринин негизинде коюлган спектаклдер тартууланды. Эскерте кетсек, бул сахналаштырылган чыгармалар 2018-жылдын декабрь айында КР Улуттук илимдер академиясында өткөзүлгөн Ч. Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата уюштурулган соттор арасындагы сынактын жыйынтыгынын негизинде байгелүү орундарга ээ болгон.

“Саманчынын жолу” спектаклин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун кызматкерлери сахналаштырса, “Гүлсарат” чыгармасын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун кызматкерлеринин аткаруусунда жалпы көрөрмандарга көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда академик Абдылдажан Акматалиев сот кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, “Манас” эпосунун 10 томдук китептерин аткаруучуларга белекке берди. Ч. Айтматовдун үй-бүлөөсүнүн атынан Роза Айтматова ыраазычылык сөзүн сүйлөп, бул тарыхый саамалык башка мамлекеттик мекемелер арасында да улантылса деген изги тилегин билдирди.

Андан сырткары иш-чарага КР УИАнын академиктери, мүчө-корреспонденттери, илимий жана сот кызматкерлери, ошондой эле жазуучунун чыгармачылыгын баалаган коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар ж.б. катышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер